“Ай-Кьюнун” бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүү чечими чыкты

  • 02.08.2023
  • 0

Президенттин тапшырмасы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигине 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча “Ай-КьЮ” окуу-тарбия комплексинин бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды берүү боюнча ыкчам чараларды көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, тиешелүү ыйгарым укуктуу жана укук коргоо органдарына бул иштерге жол берген адамдарды тез арада жоопкерчиликке тартуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Ошондой эле мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында Билим берүү тутумунун лицензиялык ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер