«АЙ КЬЮНУН» АЗАБЫН ТАРТКАН АТА-ЭНЕЛЕР
- 14.07.2023
- 0
“Ай Кью” окуу-тарбия комплексинин акылга сыйбаган жоруктары үчүн ким жооп берет? Жооп берүүчү тараптарды, албетте, укук коргоо органдары аныктайт, иликтейт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалыматтык жыйында КР билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева расмий маалымат берди.
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айта кетсек, жогоруда аталган жеке менчик окуу жайы күндүзгү жана сырттан окуу формасына лицензиясы болгону менен, экстернат (бир жылда эки класс бүтүрүү) боюнча лицензиясы болгон эмес. Ал экстернатка лицензия алуу боюнча эки ирет арыз берип, бирок талапка ылайык шарттары жок болгондуктан, лицензия албай калган. Ошого карабай, 84 окуучуну экстернатка лицензиясы жок окуткан жана алардын ата-энелеринен 60 миң сомдон 75 миң сомго чейин (болжолу менен алты миллион сомдон ашык) акча алган.
Министрдин орун басары аталган окуу жайдын жетекчилигин жоопкерчиликке тартуу жана ата-энелерден алган акчаларды кайтарып берүүсү боюнча министрлик укук коргоо органдарына кайрылганын билдирди.
Эң негизгиси, министрлик ал окуучулардын эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт жана ал окуучулардын укугун коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт. Тактап айтканда, окуучулардын мамлекеттик мектептерде 11-классты мыйзамдуу окуп бүтүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлүп берилет. Министрлик ошондой эле жогоруда аталган окуу жайга окшоп мыйзамсыз иштеп жаткан жеке окуу жайларды текшерүү боюнча атайын комиссия түзөт.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан боюнча быйыл 152 окуучу экстернатка арыз берип, алардын 108и гана сынактан өткөн. Экстернатка өтө мыкты окуп, билими менен өзү теңдүү окуучулардан айырмаланган жана эки жылдык программаны бир жылда өздөштүрө алган окуучулар гана кабыл алынат.
Комментарийлер