АВСТРИЯ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ОНЛАЙН-КЕҢЕШМЕ

  • 28.01.2026
  • 0

27-январында Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Австрия делегациясы менен видеоконференц- байланыш аркылуу онлайн-кеңешме өткөрдү.

АВСТРИЯ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ОНЛАЙН-КЕҢЕШМЕ

Жолугушуунун максаты кесиптик, техникалык жана туристтик билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун багыттарын, ошондой эле тараптар ортосунда мурда кол коюлган Биргелешкен билдирүүнүн алкагында технологияларды алып келүү маселелери талкууланды.

Онлайн-кеңешмеге кыргыз тараптан агартуу министринин орун басарлары Альберт Махметкулов, Лира Самыкбаева, Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуржан Шайлдабекова катышса, Австрия тараптан Австриянын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү агенттигинин (aed) өкүлү Доротеа Ауэр, Австрия Республикасынын Финансы федералдык министрлигинин өкүлү Михаэль Матиашитц, «Klessheim» туристтик колледжинин жана Австриялык технологиялык корпорациянын өкүлдөрү катышышты.

АВСТРИЯ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ОНЛАЙН-КЕҢЕШМЕ

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мурда кол коюлган макулдашуулардын ишке ашырылышын, туристтик инфраструктура жаатындагы кызматташуунун маселелерин, темир жол адистерин даярдоону, ошондой эле Ысык-Көл облусунда туризм мектебин түзүү боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары кышкы туризм жана кышкы спорт түрлөрү багыттары боюнча окуу процессин уюштурууну, инфраструктураны даярдоонун жана өнүктүрүүнүн этаптарын, анын ичинде имараттарды реконструкциялоонун мүмкүн болгон жолдорун, австриялык окутуу методологиясын жана мыкты эл аралык тажрыйбаларды киргизүү маселелерин карап чыгышты.

АВСТРИЯ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ОНЛАЙН-КЕҢЕШМЕ

Агартуу министри туризм мектебин түзүү маселелерин кылдат изилдөөнүн, ошондой эле туризм тармагындагы Австриянын ментордук жана методикалык тажрыйбасын өздөштүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Австрия тараптан педагогдорду жана адистерди даярдоону камтыган практикалык жана методикалык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле заманбап моделдер жана технологиялар негизинде билим берүү борборун түзүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү улантууну жана биргелешкен иш-чаралардын планын макулдашууну сүйлөшүштү.

Бөлүшүү

Комментарийлер