АВГУСТ ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМУ: ӨКМӨТ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРАТ
- 18.08.2025
- 0
Ош шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги уюштурган «Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим» август педагогикалык форумунда өкмөт жетекчилеринин атынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Кадыралиев Азамат Сактанбекович катышуучуларды куттуктап сөз сүйлөп, бүгүн Кыргызстандагы билим берүүнүн келечегин талкуулоо үчүн келген мугалимдерге, мектеп директорлоруна, министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, бул форумда алдыга койгон максаттарга жетүүнүн жолдору аныктоо жана пикир алмашуу максатында өткөрүлүп жатканын айтты.
Ошондой эле 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 2025-2026-жылкы жаңы окуу жылы өзгөчө мезгил экенин, өзгөчө сыноолор болоорун, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнү өнүктүрүүдө, жаңы окуу китептерин чыгарууда, кошумча кесиптик билим берүүнүн ролу жана кесиптик лицейлерди жаңылоо сыяктуу эң маанилүү улуттук билим берүүнүн жаңы моделин ишке ашыруудагы мугалимдердин ролун баса белгиледи. Өкмөттүн демилгеси менен жаңы билим берүү моделинин алкагында мугалимдерге эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы иштелип жатканын, өлкөдө жаңы бала бакчалар, мектептер курулуп жатканын, жеке менчик бала бакчаларды курууда ишкерлерге жеңилдетилген кредиттер берилээрин да белгилеп, билим берүү тармагы заманбап санарипке өтүп жатканын, мугалимдердин билимдерин жогорулатуунун зарылдыгы эске алынып, кайра даярдоо курстары уюшулганын жана мектепте кесиптик билим берүүгө басым жасалып жатканын кошумчалады.
-Өкмөт билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп жатат. 2020-жылы билим берүүгө 36,2 млрд сом бөлүнсө, 2024-жылы 64,9 млрд сом бөлүнүп, 2025-жылы 68,1 млрд сом бөлүндү. Төрт жылда билим берүү тармагына бөлүнгөн каражат эки эсеге өскөн. Төрт жыл аралыгында 322 мектеп, 81 бала бакча курулуп, оңдоп түзөөдөн өткөн. Эгемендүүлүк алгандан берки 30 жылда мындай болгон эмес,-деди Азамат Кадыралиев.
Ошондой эле билим берүүнүн сапатына көңүл бурулуп жатканын, кадрлардын билимин жогорулатууга басым жасалып, мугалимдерди турак жай менен камсыз кылуу өкмөттүн максаттарынын бири экенин, балдарга эрте жаштан билим берүүнүн зарылдыгын, балдар эки-үч чет тилдерин билүүсү керектигин, үй бүлө тибиндеги бала бакча ачууга мүмкүнчүлүктөр кеңейгенин, аймактарда бош турган имараттар бала бакчаларга берилээрин, мурда менчиктештирилип кеткен бала бакчалар кайра кайтарылып жатканын, 12 жылдык билим берүү системасы дүйнө жүзүндө кеңири колдонулган заманбап билим берүүнүн модели катары мыкты натыйжаларын берип жатканын, биздин өлкөдө быйыл башталган реформа этаб этабы менен өтүп, 2036- 2037-жылы 12-жылдыктын алгачкы бүтүрүүчүлөрү аяктарын баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев менен Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өлкө аймагынан келген мугалимдерге ноутбуктарды символикалык түрдө тапшыруу аземин өткөрүштү.

STEM багыттарындагы тогуз педагогго – ар бир облустан жана эки шаардан бирден өкүлгө ноутбуктарды тапшыруу форумдун символикалуу учуру болуп калды. Бул кадам мамлекет билим берүүнү санариптештирүүгө жана жаңы технологиялар менен иштеген мугалимдерди колдоого багыт алганын айгинеледи.
Ош шаарында өтүп жаткан салттуу август форуму – жөн гана иш-чара эмес, бул – билим берүү системасын өзгөртүүчү идеялар жарала турган аянтча катары түрдүү ой-пикирлер, сунуштар айтылмакчы. Бул жерде ар бир бала үчүн кантип мектепти заманбап, жеткиликтүү жана кызыктуу кылуу керектигин, бул максат үчүн мамлекеттин, аймактардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн иш-аракетин кантип бириктирүү керектигин талкууланат.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер