Август кеңешмеси: АЛАМҮДҮН РАЙОНУНУН МУГАЛИМДЕРИ КАМКОРДУККА АЛЫНАТ
- 23.08.2024
- 0
Чүйдүн Аламүдүн районунун жетекчилиги райондогу мектептерге жаңы келген жаш мугалимдерди жатакана менен камсыз кылып, коммуналдык төлөмдөрдөн бошотот. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Закирова Айгүл Аламүдүн районунун мугалимдеринин август кеңешмесинде билдирди.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиевдин айтымында, азыр бул аймакта отуздай мугалим жетишпейт. Алардын көбү музыка, дене тарбия сыяктуу сааты аз сабактар. Эгерде жаш же турак-жайга муктаж болгон мугалимдер келип иштеп берсе, жергиликтүү бийлик жашаган үйүнө төлөнө турган ижара акысын төлөп берет. Мындай тажрыйбаны райондогу үч айыл өкмөтү ийгиликтүү ишке ашырып келет. Мисалы, С.Чокморов айыл өкмөтү үч тараптуу келишимдин негизинде (баштапкы кесиптик бирлик, мектеп администрациясы жана айыл өкмөт) жаш мугалимдерге кызматтык үйлөрдү берип, бардык мугалимдерди сууга, таштандыга болгон төлөмдөрдөн бошоткон. Бала бакчалардагы тарбиячылар балдарынын тамагы үчүн төлөмдөн 50% бошотулган.
Достук айыл өкмөтү болсо коммуналдык төлөмдөр үчүн мугалимдерге жылына бир жолу 3000 сомдон берет. Сууга болгон төлөмдөн да бошотулган. Бишкек шаарынан келип иштеген үч жаш мугалимге айына жол киреси үчүн 3000 сомдон которуп турат. Петербург шаарындагы билимин жогорулатуу курсуна барып келген мугалимдин жол чыгымын да көтөрүп берген. Жыл сайын көп балалуу жана пенсия курагындагы мугалимдерине бир каптан ун таратып турат.
Кара-Жыгач айыл өкмөтү дагы өзүнүн мугалимдерин камкордукка алып, бир катар колдоолорду көрсөтүп келет. Жыл сайын ар бир мугалимине коммуналдык төлөмдөр 1 жолу 1000 сомдон берсе, мүмкүнчүлүгү чектелген педагогдорго жана жаш мугалимдерге жылына 1 жолудан 3000 сомдон төлөп келет. Өткөн окуу жылында ийгилик жараткан мугалимдерге 10 000 сомдон бир жолку сыйлык берген.
Бүгүн Чүйдүн Аламүдүн районунун педагогдорунун август конференциясы “Билим берүүгө жүз жыл: трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор” деген теманын алкагында өтүп, ага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер катышты.
Иш-чара тажрыйба алмашуу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана билим берүүнү системалуу трансформациялоону ишке ашыруу, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана инклюзивдүүлүгүн, ошондой эле формалдуу билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги мугалимдердин кесиптик квалификациясын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу максатын көздөйт.
Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер