“АТАМ, АПАМ жана МЕН, КИТЕП ОКУЙБУЗ БААРЫБЫЗ ТЕҢ”
- 12.05.2020
- 0
Уюштуруучу:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлиги
Аткаруучу:
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору
Бир айлык үй-бүлөлүк китеп окуу онлайн – сынагынын
ЖОБОСУ
Онлайн-сынактын максаты:
Үй-бүлөдө китеп окууну пропагандалоо;
Балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу;
- Окуучулардын таанып-билүүсүн, сүйлөө кебин жана эмоционалдык өнүгүүсүн өстүрүү;
- Балдардын угуу жана көңүл буруу жөндөмдөрүн өнүктүрүү;
- Ата-эне менен баланын мамилесин жакшыртуу, тарбия процессин активдештирүү;
- Окуучулардын руханий жан дүйнөсүн байытуу жана кругозорун өстүрүү.
Убактысы:
— Үй-бүлөлүк китеп окуу долбоору 2020-жылдын 15 апрелинен тартып
20 майына чейин уланат.Онлайн-сынакты өткөрүү тартиби, шарттары:
Министрлик балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана ата-энелерге ылайыктуу китептердин тизмесин жарыялайт (1-тиркеме);
Ата-энелер күн сайын балдары менен биргеликте китеп окушат жана окуган китеби боюнча үй-бүлөлүк талкуу уюштурушат;
Окуп бүткөн китебинен алган таасирлери боюнча кыскача эссе жазышат жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнө окуп беришет;
Катышуучу, китеп окуп жаткан видеону жана китептин мазмуну жөнүндө жазган эссенин текстин фейсбук баракчасына #үйдө_китеп_окуйбуз деген хэштег менен жайгаштырат;
Үй-бүлө менен биргеликте китеп окуган видео материал менен эссе 3 минутадан ашпашы керек;
Видеоматериалда бирге китеп окуп жаткан үзүндү болушу шарт;
Катышуучулар бул сынакка социалдык желелер аркылуу башка жарандарга эстафета катары өткөрүп берүүсү керек;
Китеп окуу сынагына ар бир кыргызстандык үй-бүлө катыша алат, китеп окуган катышуучунун жаш курагы 6 – 12 жаш болушу шарт;
Жыйынтыгы 6–12 жаш курактык категорияда төмөнкү критерийлер менен бааланат:
Китеп окуу: китептен үзүндүнү окуу, окуган сөздөрү так, ачык айтылышы керек, сүйлөмдөр ритми менен, интонация жасалып көркөмдөлүп, образдуу берилиши шарт.
Китептен үзүндү окуган видеонун, окуган китебинин аты, автору, эссе жазган катышуучулар аты-жөнүн, жашын, кайсы аймактан, району, мектеби жазылган так маалыматты салышы керек. Так маалыматы жок видео менен эсселер кабыл алынбайт.
Материалдарды: видеолор, эсселер: + 996 0555130444, 0551 727269
Whats App (кыргыз тилинде), 0555 769 672 Whats App (орус тилинде),
же : nadejda.cmc@ gmail.com, ira.baltabaeva@mail.ru (кыргызча),
seitek_borboru@mail.ru почталарына салсаңыздар болот.
Жыйынтыгы:
Онлайн-сынакка активдүү катышкан үй-бүлөлөргө белектер ыйгарылат;
Эң активдүү катышкан бир үй-бүлөгө Билим берүү жана илим министрлиги «Билимдүү үй-бүлө» номинациясын ыйгарат;
Катышуучулар маалымат каражаттары аркылуу жарыяланып турат;
Катышуучулардын китеп окуусун Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин адистери, искусство жана коомдук ишмерлерден турган компетенттүү калыстар тобу баалайт;
Видеоматериалдар менен эсселер Фейсбук, Инстаграмм баракчаларына #үйдө_китеп_окуйбуз деген хэштег аркылуу жайгаштырылат.
Комментарийлер