АТАЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 14.03.2025
  • 0

2025-жылдын 13-мартында М.Абылкасымов атындагы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинде 15-март – Аталар күнүнө карата «Биз үлгү алчу аталар» деген темада иш-чара өткөрүлдү.

АТАЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Ага айылыбыздын ардактуу, башкаларга үлгү болорлук аталары чакырылып, 9-11- класстардын уландары менен жолугушуу уюштурулду. Аталарга арналган көркөм окуулар окулуп, обондуу ырлар аткарылды. Окуучулар өздөрү кызыккан суроолорду беришип, жоопторду алышты. Келген коноктор турмуштук сабактардан, өз тажрыйбаларынан мисалдарды келтирүү менен кызыктуу маек куруп беришти. Кыргыз элинде атанын орду, кадыр-баркы тууралуу сөз кылышып, бүгүнкү күндөгү милдеттерине токтолушту. Балдардын ата-эненин алдындагы парзы жөнүндө да айтуу менен, ар кандай жаман, терс адаттардан алыс болууга чакырышты. Соңунда конокторго мектеп окуучулары тарабынан жасалган белектер тапшырылды.

АТАЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер