АТА-ЭНЕЛЕР ДА КИТЕП ОКУШАТ
- 18.03.2024
- 0
Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинде «Китеп — жан дүйнөнүн азыгы» аттуу иш-чара болуп өттү.
Ары кызыктуу, ары пайдалуу иш-чараны 0-«б» даярдоо классынын ата-энелери жана окуучулары биргеликте уюштурду. Ага дээрлик бардык ата-энелер катышып, балдар менен биргеликте китеп окуп, суроолорго жооп берип, тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле, макал-лакаптарды толуктап, сүрөттөр, табышмактар, логикалык суроолор боюнча күч сынашты. Китеп жөнүндөгү кызыктуу маалыматтарга ээ болушту. Жыйынтыгында ата-энелер мындай иштерди тез-тез өткөрүүнү сунуш кылып, өз ыраазычылыктарын билдиришти.
КАЛМЫРЗАЕВА Назгүл,
Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинин даярдоо классынын мугалими, Аксы району
Бөлүшүү
Комментарийлер