АТА-ЭНЕ МЕНЕН МУГАЛИМ-ӨНӨКТӨШПҮ ЖЕ АТААНДАШПЫ?
- 15.08.2025
- 0
Мектеп жашына келген балдарды тарбиялоо-ата-эне менен мугалимдин орток иши. Тарбияны ата-эне бериши керек, мугалим билим берүүгө милдеттүү деген сөз кийинки убакта көп айтылчу болду. Бул туура эмес. Окуучу мектепте билим алып жатып тарбияланат.
Ошол эле мугалим менен саламдашуу, сылык мамиледе болуу, сабак учурундагы адеби, тартиби мектеп, класс эрежелерине баш ийүүсү жана башка толуп жаткан нерселер тарбиянын башаты экенин унутпашыбыз керек.
Мектепке ар кандай түшүнүктөгү, тарбиядагы, ар кандай деңгээлдеги балдар келишет. Мугалимдин негизги милдети мына ушул наристелерди көз карашы калыптанган адептүү жалпы орто билими бар адам кылып чыгаруу. Демек, мектепке кабыл алынган, мектеп босогосун аттаган наристени коомго өз алдынча жашоого даяр болгон инсан кылып чыгаруу.
Мугалим- тапкыч, изденгич, чебер жана ошол эле убакта сабырдуу, чыдамкай адис болушу зарыл. Мындай сапаттарыбыз жетишсиз болсо анда чыныгы мугалим боло албайбыз. Көп мугалимдерде эң зарыл болгон ушул сапаттар жетишпегендиктен өмүр бою окуучулар, ата-энелер менен тил табыша алышпай кыйналышат. Айрымдары окуучулары менен жан дүйнөсүн, мээримин төгүп жылуу жумшак сырдашып сүйлөшө алышпайт. Жалаң кыйкырып, өкүрүп, эмоция менен сүйлөшөт. Жыйынтыгында окуучуларга жек көрүнүп, кадыры төмөндөйт. Балдар мындай мугалимди тоготпой башташат. Балдар үчүн эң жакшы тарбия бул мугалимдин өзү. Анын өзүн алып жүрүүсү, тактыгы, туура койгон талаптары, сырткы көрүнүшү, сабакты сапаттуу, кызыктуу өтүүсү, калыстыгы, үнү балдар үчүн үлгү болушу шарт.
Сабакты жакшы өткөн, туура талап койгон калыс мугалимди начар окуган тентек, шок балдар дагы сыйлайт. Мугалим балдардын алдында меники гана туура деген диктатор болбошу керек. Окуу жылы башталган эң алгач күндөн баштап, ар бир мугалим “мектеп-окуучу-ата-эне” үчилтигин жакшы жолго коюп алышы керек. Ар бир мугалим өзүнүн кемчилигин издеп, оңдоонун үстүндө такай иштеши зарыл. Эмне үчүн менин сабагымды балдар жакшы окушпайт, эмнеге үй тапшырманы аткарып келишпейт деген суроону ар дайым өзүңүзгө берип, анын жандырмагын өзүңүздөн издеп анализ жасаңыз. Сиз үчүн ийгиликтүү болгон кесиптешиңиздин ишине байкоо салыңыз. Анын жакшы жактарын уялбай, тартынбай үйрөнүңүз, кеп-кеңеш сураңыз. Мугалимдин негизги милдети сабаттуу, адептүү, өз оюн толук билдире алган, көргөн укканын сүрөттөп айта алган адамды тарбиялап чыгаруу. Окуу менен тарбия бир жүрөт. Аны өз-өзүнчө бөлүп кароого болбойт. Окуучу окуп жатып тарбияланат. Дагы бир өзгөчө көңүл бурчу жагдай мугалим ар бир окуучунун эмнеге шыктуу, жөндөмдүү экенин жакшы баамдашы керек. Бардыгына бирдей талап коюу менен аракеттерин ар башкача баалоо керек. Анткени, ар кимисинин жөндөмү ар башкача экенин унутпоо зарыл.
Бирөөсү математика, физикага шыктуу, экинчиси- химия, биологияга кызыгат, дагы бири гуманитардык предметтерди жакшы көрөт. Бирөөсү искусство, спортко кызыгат дегендей. Мына ушул нерселерди сөзсүз эсине алуу зарыл. Химияга кызыкпаган, аны жакшы түшүнө албаган баланы “сен билбейсиң”- деп элдин көзүнчө жемелеп, басынтып, аброюна шек келтирген ашыкча сөздөрдү айта берсек баланы психологиялык жактан травма кылып коёбуз. Ооба талапты туура коё бериңиз. Бирок жөндөмүнө жараша. Мына математиканы бир класста ашып кетсе беш-алты окуучу дурус билет. Калганы миң урушсаң, миң түшүндүрсөң да ийгилик жаратышы кыйын. Ал үчүн аларды күнүгө басынта берсек, бала мугалимден заарканып жаман көрүп калат.
Мүнөзүндө “эмне кылсаң ошол болсун” деген кайдыгерлик, көңүл коштук келип чыгат. Мектеп бардык окуучуларды химик, физик, математик, тилчи, тарыхчы кылып чыгара албайт. Аны адистештирилген окуу жайлар даярдайт. Биз негизинен толук кандуу орто билимдүү, адептүү адамдарды коомго даярдап берүүбүз керек. Окуучу ата-энесинен укпаган, үйрөнбөгөн сапаттарды, тарбияны мектептен алышы керек. Ар бир предмет мугалими окуучуга үлгү болуп, болгон мүмкүнчүлүгүн арнап, ар бир бала менен жакшы мамиле түзө алышы милдет. Мугалим менен ата-эне бири-бирине доомат, кине койбой, тескерисинче эриш-аркак болсо гана ийгилик жаралат.
Мугалим ата-энеге баласы тууралуу даттануу менен гана кайрылбай канткенде баланы ийгиликтүү окуучу кылабыз деп кеңешип, сүйлөшүүнү уюштуруубуз керек. Мектепке ата-энелер чогулушуна ата-эненин балам жөнүндө сын-пикир угам деп кооптонбой келгендей шарт түзөлү. Чогуу иштешүүнүн, кызматташуунун жолун талкуулап, ата-энелер менен тыкыз мамиле куралы. Ата-энелерди кызыктыруу үчүн “камкор ата-эне”, “үлгүлүү ата-эне”, “мекенчил ата-эне”, “мээрман эне”, “демөөрчү ата-эне” жана башка номинацияда ыраазычылык кат, грамота сыйлыктар берип өзүбүзгө тартышыбыз керек.
Мугалим менен ата-эне бирине өнөктөш болгон жерде сөзсүз ийгилик болот. Мугалимдин колунда ата-эне менен жакшы мамиле түзүүнүн түрдүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Маселе ошонун туурасын таап өз ишибизге колдоно билүүдө. Ар бир ата-эне баласы кайсы класста кандай расписание менен окуйт, кайсы предметтерди окуйт, аларды ким деген мугалимдер окушат, окуу китеби барбы, жокпу, эмнеси жетишпейт, окууга кызыгуусу кандай, кандай дептерге жазат. Баласынын жакын достору кимдер, мына ушулардан толук кабардар болуп турушу керек. Мугалим ата-энени, ата-эне мугалимди күнөөлөгөндөн арылышыбыз зарыл. Мезгил ошону талап кылууда. Мугалим менен ата-эненин өнөктөштүгү жакшы жолго коюлган жерде сөзсүз ийгиликтер, жакшы саамалыктар болот.
Дүйшөн Батырбеков,
ардагер мугалим, “Билим берүүнүн мыктысы”, “Манас-1000 медалынын ээси”
Комментарийлер