АТ-БАШЫЛЫК ОКУУЧУЛАР ЖЫЛЫНА УЗИДЕН ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТКӨРҮЛӨТ

  • 17.05.2024
  • 0

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында саламаттык сактоо маселелери боюнча координациялык кенештин отуруму болуп өттү. Анда эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларын алдыналуу боюнча ишчараларын күчөтүү боюнча талкуу болуп, сунуштар айтылып, тапшырмалар берилди.

АТ-БАШЫЛЫК ОКУУЧУЛАР ЖЫЛЫНА УЗИДЕН ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТКӨРҮЛӨТ

Маалыматка таянсак, учурда өлкөдө кулачын жайып жаткан, рак илдети менен тете турган бул эхинококкоз жана альвеококкоз ооруну убагында  алдын алууну жана эрте ооруну аныктоо менен  натыйжалуу дарыланууга шарт түзүү зарыл. Ушул максатта Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жылдыз Жантелиева аталган ооруларын алдын-алуу максатында жылына бир жолу бардык мектеп окуучуларын УЗИден текшерүүдөн өткөрүүнү сунуштап, райондук билим берүү бөлүмүнө жана райондук оорукана жетекчилигине жана башка тиешелүү тармактарга тапшырма берди.

АТ-БАШЫЛЫК ОКУУЧУЛАР ЖЫЛЫНА УЗИДЕН ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТКӨРҮЛӨТАТ-БАШЫЛЫК ОКУУЧУЛАР ЖЫЛЫНА УЗИДЕН ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТКӨРҮЛӨТ

Мунун натыйжасында ооруну жуктуруп, аны билбей жүргөн окуучуларды эрте аныктап, аларды убагында дарылап айыктырууга мүмкүнчүлүк жогору болорун баса белгиледи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер