Астрономия олимпиадасында кыргыз студенттери атайын сыйлыкка ээ болду

  • 26.09.2024
  • 0

2024-жылдын 15-сентябрынан 22-сентябрына чейин Россия Федерациясынын «Сириус» федералдык аймагында үчүнчү Эл аралык астрономия олимпиадасы (OWAO) болуп өттү.

Ага Кыргызстандын атынан «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын астрономдору катышып, атайын сыйлыкка ээ болду. Аталган олимпиадага Билим берүүнүн отличниги Александра Шумейконун жетекчилиги астында “Созвездие” астрофизикалык клубунун студенттери: Исраилов Атай, Бекташова Айдеми, Рыбянов Егор, Нурбеков Нуртилек, Салиева Даана жана Ришат уулу Адил катышкан.

Астрономия олимпиадасында кыргыз студенттери атайын сыйлыкка ээ болду

Белгилей кетсек, таймашка Абхазия, Армения, Бангладеш, Беларусь Республикасы, Венесуэла, Египет, Иран, Зимбабве, Катар, Куба, Болгария, Кыргызстан, Монголия, Никарагуа, Пакистан, Перу, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Эфиопия мамлекеттеринен келген окуучулар ат салышкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер