Ассоль Молдокматова ОшМУнун студенттери менен баарлашты

  • 15.10.2024
  • 0

Алып баруучу, дизайнер жана психолог Ассоль Молдокматова Ош мамлекеттик университетинин студенттери менен жолукту.

Ассоль Молдокматова ОшМУнун студенттери менен баарлашты

Анда ал студенттерди талыкпай билим алууга, жаңычылдыкка умтулуп, түрдүү өнөрдү өздөштүрүүгө үндөдү. Өзүнүн басып өткөн жолу, ийгилик сырлары, маданий жана коомдук иштери тууралуу айтып берди.

Өз сөзүндө Молдокматова кайрымдуулук менен алектенип, таланттуу жаштарды ар дайым колдоону токтотпой уланта берерин белгиледи. Жолугушуунун соңунда студенттер үчүн алып келген белектерин тапшырды.

Ассоль Молдокматова ОшМУнун студенттери менен баарлашты

Ал эми ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева Ассоль Молдокматовага ыраазычылык кат тапшырды. 

Студенттерге дем берүүчү мотивациялыклык иш-чаралар окуу жайда үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер