ASAF ПРЕЗИДЕНТИ ДОКТОР МАЛАВ ШРОФФ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ
- 28.08.2025
- 0
27-28-август күндөрү Азия парус спорт федерациясынын президенти, доктор Малав Шрофф Кыргызстанга өлкөбүздүн парус спорт федерациясынын президенти, профессор, медицина илимдеринин доктору Канат Мамакеевдин чакыруусу менен расмий иш сапары менен келди.
Ардактуу мейман Кыргыз Республикасынын парус спорт федерациясынын башкы катчысы Андрей Мадеко менен жолугушуу да өткөрдү.

Балыкчы шаарындагы балдар-өспүрүмдөрдүн парус спорт мектебинде болуп, спорт мектебинин башкы машыктыруучусу Виктор Александрович Брюхов менен өлкөдө бул спортту өнүктүрүү маселелерин дагы талкуулашты. Алар балдар-өспүрүмдөрдүн парус спорт мектебинин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле ASAF алкагындагы мелдештерге кыргызстандык спортчулардын катышуусун талкууга алышып, сунуш-пикирлерин ортого салышты.

Ошондой эле доктор Малав Чолпон-Ата шаарындагы яхта клубунда болуп, Кыргызстандын Парус спорт федерациясынын президенти Канат Мамакеев жана яхта клубдун кожоюну Ильчишин Сергей Васильевич менен жолугушту. Доктор Малав бул яхта клубунун ишмердүүлүгү жана клубдук музейдин жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп, Ысык-Көлдө парус спортун өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Кыргыз Республикасында болгон иш сапар алкагында доктор Малав регата жана “Fareast Club” клубунун президенти Кирилл Сахарцев менен бирге парус спортунун достук жарыш мелдештерине да катышты.
Азия парус спорт федерациясынын президенти, доктор Малав Шроффтын пикиринде Кыргыз Республикасында парус спортун өнүктүрүүгө Ысык-Көл абдан ыңгайлуу болгондуктан бул спорттун келечеги кең.

-Мен Кыргызстанга алгач ирет иш сапар менен келдим. Мага кооз жаратылышыңар жана керемет Ысык-Көл абдан жакты. Көлдө парус спортун өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар экен. Ошондуктан Ысык-Көлдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн ачык Кубогуна арналган эл аралык мелдеш өткөрүүнү сунуштайт элем. Борбор Азиядагы 5 мамлекеттен сырткары Индия, Араб өлкөлөрүнүн командалары да катышууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, Кубоктун эл аралык деңгээли да жогорулайт эле. Ошондуктан Азия парус спорт федерациясы бул демилгени колдоого алып, атайын калыстар тобун жиберүүгө макулбуз. Мындан тышкары Кыргызстанда парус спортун өнүктүрүү боюнча машыктыруучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча семинар-кеңешмелерди, окуу жыйындарын дагы биргеликте өткөрсөк болот,-дейт доктор Малав.

Ошондой эле ASAFтын спортук иш-чараларынын алкагында Ысык-Көлдүн жээгинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кубогун өткөрүү боюнча алдын ала макулдашууга жетишилди.

Азия парус спорт федерациясынын курамында 33 өлкө мүчө болуп саналат. Бул федерацияга мүчө болгон Кыргызстан менен ASAFтын кызматташуусу өлкөдө элиталык деп аталган парус спортунун өнүгүшүнө өбөлгө болмокчу.
Кабыл Макешов,
КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, Кут Билим
Комментарийлер