“АРСТАНБАП ЖАҢГАГЫ” БРЕНДИ ДҮЙНӨГӨ ТАРАЙТ
- 25.10.2024
- 0
Кыргызпатентке Арстанбап жапайы жаңгагын географиялык көрсөтмө катары каттоого өтүнмө келип түштү. Басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, өтүнмө “Артсанбап жапайы жаңгагы” географиялык көрсөтмөсүн башкаруу Ассоциациясы берүүдө.
Регионалдык бренддерди колдоо максатында КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүн өнүктүрүүнү колдоо максатында өз ара аракеттенүү жөнүндөгү” эки тараптуу макулдашууга кол коюлган. Анын негизинде Кыргызпатенттин кызматкерлери облустарда интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого өтүнмө берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишкен.
КР Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо системасы жөнүндөгү” 2024-жылдын 25-апрелиндеги №203 Токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо системасынын методикасы кабыл алынып, анын негизинде ар бир облуска экиден географиялык көрсөтмө тапшыруу боюнча программага киргизилген.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер