МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ КЫЗМАТЫНА ТАКШАЛГАН ИШМЕР КЕЛДИ

  • 01.12.2025
  • 0

МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ КЫЗМАТЫНА ТАКШАЛГАН ИШМЕР КЕЛДИ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  өзүнүн кеңешчиси болуп иштеп келген Койчиев Арсланды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы кылып дайындады.

Арслан Капай уулу кыргыз журтуна текши таанымал мамлекеттик ишмер, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын төрагасы.

Жаңы кыргыз адабиятынын жаратманы кайра куруу доорунда кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин кызыл диплом менен окуп бүткөн. 2002-2003-жылдары Лондон университетинин эл аралык жана азыркы укуктук изилдөөлөр боюнча магистратура программасын бүтүргөн.

Эмгек жолу илимден башталгандыгын айта кетели. Борбор Азияда улуттук-аймактык бөлүштүрүүдө чек аранын аныкталышынын тарыхын изилдеди. Тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болду.

Журналисттик ишмердиги да жемиштүү болду. “Азаттык” радиосунда кабарчы болду. Бир эле учурда “Кут Билим” гезитинде баяндамачы болуп биз менен үзөңгүлөш иштегенин сыймыктануу менен белгилейбиз. Андан кийин он беш жыл Лондондо Би-Би-Си радиосунда продюсер болуп, дүйнөлүк окуяларга дүрбү салып, жогорку кесипкөй журналистиканын өрнөгүн жайылтты. Кабарчы катары эл-жер аралап, дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы маанилүү окуялардын чордонунда жүрдү.

2022-жылы бир нече ай Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары болуп иштеди.

МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ КЫЗМАТЫНА ТАКШАЛГАН ИШМЕР КЕЛДИ

Арслан Койчиев соңку он беш аралыгында эле кыргыз окурман журтуна адамзат турмушундагы эң оор, эң курч темаларга кайрылып, ой жебеси оной менен жетпеген тарыхый окуяларды, өткөн-кеткен менен күнү бүгүн бүтпөй келаткан кыямат иштерди көркөм образдар менен өзүнчө бир оригиналдуу кырынан ачкан жазуучу катары таанылды.

Адабиятка шашпай, кыркка чыгып калганда, интеллектуалдык чоң чыгармачылык даярдык менен келди. Такшалган калемгер катары баштаганда эле романдан баштады. Биринчи эле романы “Мисмилдирик” менен кыргыз окурман журтуна бат таанылды.

“Мисмилдирик” романында, “Добул-Таштык Заратустранын ангемесинде” тукум курут, этностук кыргын темасы козголот.  “Тагдыр жөнүндөгү ыр” повестинде Улуу Ата мекендик согуштагы кыргыз туткунун кийинки тагдыры жөнүндө сөз болот. “Бакшы менен Чыңгыз хан” эзелки окуяларды диктатура менен репрессиянын, идеологиялардын кагылышындагы контекстте баяндайт.

“Арслан насили тарыхчы болгондуктан тарыхый окуяларды көркөм баяндоодо жазуучу байкабай калган образдарды ача алат. Же перифериядагы окуяны, каарманды алдыңкы планга алып чыгат. Төртүнчүдөн, тек, иденттүүлүк, маселеси соңку чакырыктардын бири”,-дейт коомдук ишмер Алмаз Кулматов.

Андан бери жаратмандык мээнеттен дагы эки роман, эки повести жарыкка чыкты.

«Айта бар менин кебимди» романы «Арча» адабий сынагында  жеңүүчү болду. “Бакшы менен Чыңгыз хан” романы 2014-жылдын эң мыкты прозалык чыгармасы болуп таанылып, «Арча» адабий сыйлыгынын баш байгесин жеңип алды.

«Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси» романы менен 2021-жылы «Алтын калем» сыйлыгынын жеңүүчүсү аталды.

«Мисмилдирик» романы окурмандардын талабы менен үч жолу кайра басылып чыкты.

Чыгармалары англис, түрк жана казак тилдерине которулду. «Беделдеги каргыш» жана «Бакшы менен Чыңгызхан», “Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси” романдары түрк тилине которулуп, Түркияда жарык көрдү.

Жакында эле Италияда эл аралык китеп жармаңкеси учурунда «Бакшы менен Чынгыс хан» романынын англисче котормосунун бет ачары болду.

Арслан Койчиевдин чыгармаларына кыргыз адабиятынын алптары Казат Акматов, Асанбек Стамов, Кеңеш Жусупов, Султан Раев жана казак, түрк жазуучулары жаңы кыргыз адабиятынын чебер жаратманы катары жогору баасын беришкен.

«Чыңгыз Айтматовдун артынан жаңы кыргыз жазуучулар чыгып атат. Алардын ичинде Султан Раевдин, Арслан Койчиевдин орду бөлөк. Алар кыргыздын психологиясын, жаңы кыргыз адабиятын дүйнөгө чыгарат деп ойлоймун»,-дейт Евразия жазуучулар бирлигинин төрагасы Якуб Өмероглу.

2024-жылы Арслан Капай уулуна татыктуу түрдө “Кыргыз эл жазуучусу” ардактуу наамы ыйгарылды. Казакстандын Жазуучулар союзунун эң жогорку, мартабалуу сыйлыгы “Алаш” адабий сыйлыгынын лауреаты болду.

МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ КЫЗМАТЫНА ТАКШАЛГАН ИШМЕР КЕЛДИ

Жакында эле казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке расмий сапары убагында Казакстандын “Достук” ордени менен сыйланды.

Арслан Капай уулу Койчиевге жаңы кызматында дагы албан-албан ийгиликтерди жана кажыбас күч-кубат каалайбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер