АР КЫЛ МУУНДАГЫЛАРДЫН АКЫЛ ТАЙМАШЫ

  • 21.07.2025
  • 0

АР КЫЛ МУУНДАГЫЛАРДЫН АКЫЛ ТАЙМАШЫ18-19- июлда Бишкек шаарындагы “Дордой Плаза” соода борборунда Эл аралык  шахмат күнүнө карата Тиленбаева шахмат борборунун демилгеси менен үй-бүлө командаларынын ортосунда республикалык мелдеш болуп өттү. Ар кыл курактагылар арасындагы акыл таймашына өлкө аймагынан тандалган 14 команда катышты.  Шахматты жайылтууда үй-бүлөлүк тарбиянын маанисин түшүнүү менен, шахматтын үй-бүлөлүк баалуулуктун бирине айлануусуна көмөк катары  турнирге “Дордой Плаза” соода борбору демөөрчү болду.

АР КЫЛ МУУНДАГЫЛАРДЫН АКЫЛ ТАЙМАШЫЭки күнгө созулган мелдешке чоң ата- чоң энелер, ата-энелер жана балдардан катышып,  баары чогуу ойноп, мөрөй талашуулар курч мүнөздө өттү.  Жыйынтыгында эки муундагы курактагылар арасында жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай сыйлыктар, медалдар жана дипломдор ыйгарылды. Экинчи муундагылар арасында турнирге  эки небересин ээрчитип келген 73 жаштагы Дүйшөк Мутешовдун командасы биринчи орунду жеңип,  чоң Кубок жана 10 миң сом акчалай сыйлыктын ээси болду.

АР КЫЛ МУУНДАГЫЛАРДЫН АКЫЛ ТАЙМАШЫДүйшөк аксакалдын 10-11 жаштагы Талгат жана Атай деген неберелери баш байгенин ээлери болуп, алтын медаль тагынды.  Байгелүү экинчи орунду Чүй облусунун Панфилов районунан келген Абасбековдун үй-бүлөлүк “Бухара” командасы жеңип алып, 8 миң акчалай сыйлыктын ээлери болушту. Бул команданын курамында Бархат Сатыкеев уулдары, он жаштагы Ариет жана жети жаштагы Алихан менен бирге ойноп, балдары күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө татыды.

Үчүнчү орун Айбек Мамбетовдун үй-бүлөлүк командасына ыйгарылып, 6 миң сом байге алышты. Анда  40 жаштагы Айбек 11 жаштагы Сулайман жана 6 жаштагы Чыңгыз уулдары менен шахмат ойноого дилгирлигин, жөндөмүн көрсөтүшүп, башкаларга үлгү болушту.

АР КЫЛ МУУНДАГЫЛАРДЫН АКЫЛ ТАЙМАШЫАл эми үч муундагы куракта  чоң ата же чоң эне, атасы же апасы, анан балдары болуп, шахмат мелдешинде акылдын күчүн сынашты. Мында Карамуратовдордун үй-бүлөлүк командасы жеңишке жетип, биринчи орунду камсыз кылып, алар дагы чоң Кубок жана 10 миң сом байге алышты. Бул команданы 60 жаштагы таятасы Майрамбек Абдышев баштап келсе, 37 жаштагы Азат Карамуратов менен 8 жаштагы уулу Абай бардык атаандаштарын утуп алышты.

АР КЫЛ МУУНДАГЫЛАРДЫН АКЫЛ ТАЙМАШЫЭкинчи орунду Шайлообековдордун үй-бүлөлүк командасы ээлеп, алардын катарында 5 жаштагы Элинанын чеберчилиги, аракети жогору бааланды.  Бул команданын катарында  68 жаштагы  Шайлообек Сейдеев, 33 жаштагы уулу Элдар жана 5 жаштагы небереси Элина ойноду. Алар дагы күмүш медалдар, дипломдор жана 8 миң акчалай сыйлык алышты.

АР КЫЛ МУУНДАГЫЛАРДЫН АКЫЛ ТАЙМАШЫБул курактагылардан үчүнчү орунду Бактыгүл Тиленбаеванын үй-бүлөлүк командасы камсыз кылды. 65 жаштагы спорт чебери Бактыгүлдүн командасында жаштар арасындагы Азия чемпионатынын жеңүүчүсү кызы, 37 жаштагы Жаңыл жана 8 жаштагы небереси Мариам ойноп, 6 миң сом акчалай сыйлыкка арзыды.

АР КЫЛ МУУНДАГЫЛАРДЫН АКЫЛ ТАЙМАШЫЖеке акыл таймаштын жеңүүчүлөрү дагы аныкталып, биринчи орунду Бишкек шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу Замирбек Орозобаев ээлесе, экинчи орунду  Жаңыл Тиленбаева жеңип алды. Байгелүү үчүнчү  9 жаштагы Виктория Куликке ыйгарылды.  Чоңдор менен акыл эрөөлүндө байге уткан Викториянын келечеги көпчүлүктү үмүттөндүрдү. Жеке акыл таймашууларында байгелүү орундарды ээлегендерге эки миң сомдон акчалай сыйлыктар берилди.

АР КЫЛ МУУНДАГЫЛАРДЫН АКЫЛ ТАЙМАШЫ Чынында эле учурда биз эң маанилүү этапта турабыз, себеби бүткүл дүйнөдө шахмат үйрөтүүнү мектеп программасына киргизүү жөрөлгөсү абдан күчөдү. Биз да шахматты спорт гана эмес окуу предмети катары өркүндөтүүнү түшүнөр кез келди окшойт. Бул боюнча Агартуу министрлигине да сунуштарыбызды айтканбыз.  Шахмат – бул акылдуулукка умтулган таймаш. Акыл таймашындагы эрөөлдө жеңишке жетүү үчүн ар бир кырдаалды анализдеп, өзүңдүн тактикалык жана стратегиялык жөндөмүңдү көрсөтүшүң керек. Ошон үчүн шахматтын ролу адамды илимий жөндөмүн жана чыгармачылыгын өнүктүрүүдө өтө маанилүү экендигин  Толстой, Достоевский, Кадар, Гёте, Стейниц, Цвейг, Неруда өңдүү не деген дөө-шаалар бекеринен айтпаган чыгаар. Себеби тээ байыркы замандан бери адамды өз алдынча ой жүгүртүүгө түртүп, ар бир жүрүштү ийне-жибине чейин талдоого аргасыз кылган шахмат, тогуз коргоолдон башка бир да оюн жок. Шахмат адамдын логикалык ой жүгүртүүсүн, акыл-жөндөмүнүн өсүшүнө тарбиялайт. Ошондой эле чоң ата, чоң энелер неберелери менен, ата-энелер балдары менен чогуу шахмат ойносо, балдардын бул оюнга кызыгуусу артып, мектепте дагы  окуучулар сабактарды жакшы окуусуна өбөлгө болот,-дейт мелдешти уюштуруу тобунун төрагасы, билим берүүнүн мыктысы, ардагер мугалим Чолпонбек Тиленбаев.

АР КЫЛ МУУНДАГЫЛАРДЫН АКЫЛ ТАЙМАШЫМектеп программасына шахматты киргизүү керек. Бул учур талабы.  Себеби оюн балдардын акыл-эсин, логикасын өнүктүрөт.  Арменияда, Азербайжанда,  Венгрияда, Грузияда, Индияда жана Орусиянын Калмыкиясында  мектеп программасына шахматты киргизгенден кийин окуучулардын жетишкендиги 40 пайызга өскөн. Физика жана математика боюнча жетишкендиктерге шахмат өбөлгө  болгон. Биз он жылдан ашуун убакыттан бери сунуш кылып келатабыз, —дейт Эл аралык шахмат федерациясынын чебери, Тиленбаева шахмат борборунун жетекчиси Бактыгүл Тиленбаева.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы,  “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер