“АПАМ МЕНЕН БИРГЕ ТАРТКАН СҮРӨТҮМ”
- 26.11.2025
- 0
Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунда директордун демилгеси менен «Апам менен бирге тарткан сүрөтүм» долбоору башталды.
Долбоор балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана муундар ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган. Демилгенин алкагында студенттер энелери менен биргеликте кийинчерээк институттун көргөзмөсүндө көрсөтүлө турган көркөм чыгармаларды жаратышат. Уюштуруучулар бул иш-чара көркөм өнөр жөндөмдөрүн гана өнүктүрбөстөн, үй-бүлөлүк өз ара аракеттенүүнү жана маданий билим берүүнү да күчөтөрүн белгилешет.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Бөлүшүү





Комментарийлер