АЛЫКУЛДУ КОШТОГОН ЕВРАЗИЯ ЖАҢЫРЫГЫ

  • 09.12.2025
  • 0

12-декабрь-Улуттук адабият күнүнө карата

АЛЫКУЛДУ КОШТОГОН ЕВРАЗИЯ ЖАҢЫРЫГЫ

 

АЛЫКУЛДУ КОШТОГОН ЕВРАЗИЯ ЖАҢЫРЫГЫ12-декабрь-адабият күнүнө карата “Көл толкуну” аталышындагы залкар акын Алыкул Осмоновдун чыгармалар жыйнагы кыргыз- мажар тилидеринде басылып чыкканы тууралуу Будапешттен кубанычтуу кабар келди. Бул дээрлик 20 жылдык мээнеттин үзүрү. Мажар тилине которгон Даут Кара Шомфаи, редактору Аида Памирбек кызы. Демөөрчүсү Мажарстандын коомдук ишмери Ференц Папчак.

…Дүйнөлүк классикалык адабияттан эбак эле орун алган Шекспир, Шота, Пушкин, Низами ж.б. акындарды которуу менен чыгармачылыгы такшалып калган Алыкул Шандор Петөөфинин махабат, ата журт жана көчмөндүк рухтагы поэзиясына кызыгуу менен:

Жакында мен Шандор Петөөфини окуп зор кубанычка баттым. Көзүмө Ысык-Көлдүн көбүктүү шарпылдагы элестеп, кулагыма тоо суусунун күркүрөгөн айбаттуу агымы угулгандай болду. Петөөфини тоо арасына, ар бир боз үйгө жеткирсем деген оюм бар. Үлгүрөмбү, жокпу билбейм, — деп жазган экен Алыкул.

Бул аруу тилегин 1950-жылы замандаш калемгери, согуш ардагери Николай Удаловго айткан экен. Өзү да ден соолугунун айынан күмөнсүгөндөй, тилекке каршы 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтыш болот.

Ал эми Шандор Петөөфинин «Азаттык жана махабат» ырлар, поэмалар жыйнагы кыргыз тилине Акун Ашыров, Кубаныч Акаев тарабынан орус тилинен которулуп, 1957-жылы чыккан. Экинчи басылышы 2004-жылы Мажарстандын КР Толук ыйгарымдуу элчиси Миклош Яцкович, Ардактуу консул Г. Балян, КР Улуттук китепканасы жана Мажарстан китеп фондунун өнөктөштүгүндө жарык көргөн. Басууга даярдаган жана редактору П. Казыбаев. Ал эми Даут Кара Шомфаи атайын редактору.

Кийинки, 2023-жылдагы басылышында котормону венгер тилиндеги түп нускасына салыштырууну Даут Кара ишке ашырышы китептин мазмундуу чыгышына өбөлгө түздү. Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Толук ыйгарымдуу элчиси Шандор Дороги кириш сөзүндө акынды эркиндик менен махабаттын акыны жана 1848-жылдагы революциянын руханий жарчысы экендигине басым койсо, Венгрия парламентинин вице-спикери, Петөөфинин анык күйөрманы Шандор Лежак Бишкектеги жолугушууда кызыктуу окуяны ортого салган эле. Анын айтуусунда акындын кан майдандан кайтапаганына жана дайынсыз калганына кабатыр болгон күйөрманына жолуккан карапайым эле адам  мындай ойду айткан экен: -Шандордун сөөгүн кайда деп издеп убара болбо, ал ар бир мажардын жүрөгүнөн орун алган.

Ошентип, 26 жашында элинин эркиндиги үчүн кан майданда курман болгон акын улут сыймыгына, поэзия бийиктигине айланат.

 

АЛЫКУЛДУ КОШТОГОН ЕВРАЗИЯ ЖАҢЫРЫГЫУшундай тагдыр Алыкул Осмоновго да таандык экенин Даут Кара   Кечкеметте жашаган акын Буда Ференцтин үйүндөгү жолугушууда айтканда, аны мажар  тилине которуу ниети эки тараптан теӊ кызыгуу менен колдоо тапкан эле.

Ал ортодо Даут Кара «Манас» эпосунун Б. Жакиев түзгөн 20 миӊ саптык вариантын, Ч. Айтматовдун «Чынгыз хандын ак булуту» повестин жана “Кайрылып куштар келгенче” аңгемесин которуу менен эки өлкөнүн адабий-маданий байланышын чыӊдоого салым кошту.

Аталган басылмаларды чыгарууда Венгер парламентинин экс-депутаты,  мурдагы район башчы, кийин  ишкерликке өткөн Ференц Папчак мырза демөөрчүлүк колдоого алганы алкышка арзып, КР ЖК Ардак грамотасы менен сыйланды. Ушул эле сыйлык басма ээси Молнарга, котормочу Даут Карага да ыйгарылган.

«Алыкул үйү — борбору» коомдук бирикмесинин жетекчиси Казыбаев Памирбектин Папчак мырзага жогорку иштеринин угуттуу уландысы катары Алыкул Осмоновду да мажар окурмандарына таанытуу үчүн котормого, китеп чыгарууга демөөрчүлүк жасоосун өтүнгөнү аткарылып, Ысык-Көл толкуну Балатондун толкунуна, Дунай менен Тиссанын шоокумуна аралашуу жагдайы түзүлдү.

Ференц Папчак мырза мындай алгылыктуу аракеттери менен азыркы Мажарстан — Кыргызстан кызматташтыгына өбөлгө түзгөнүнө жана өткөн көчмөндүк тарыхыбыздын да эриш-аркак экендигин  эске салган чыныгы атуулдук вазипасына кыргыз окурмандары атынан чоӊ рахмат.

«Ысык-Көл толкуну» жыйнагынын котормочусу Даут Кара Шомфаиге, редактору Аида Памирбек Шомфаиге да өзгөчө ыраазычылык жана кыргыздын «Манас» эпосун европалыктардан биринчи болуп Батышка тааныткан Георг Алмашинин Орто Азияга, кыргыз элине арналган айтылуу эмгегин кыргыз тилине которууда да чыгармачыл ийгиликти каалайбыз.

Алыкул Осмоновду өз эне тилдерине которгон акындардын пикири да кыргыз талантына берилген адабий баа экени ырас.

Ленинградда төрөлүп, жаштыгы Кыргызстандын экинчи шаары Ошто өткөн Россиялык акын Михаил Синельников: – Котормочу автордун сөзүнө, айтайын деген оюна, чыгармачыл ааламына кирбесе чыгарманын көркөм деңгээлин арасат калтырат. Алыкулдун акындыгы да, котормочулугу да Шота Руставелинин “Жолборс теричен баатырын” которгондон кийин даана көрүндү, өөрчүдү. Анткени, бул дастанда антикалык жана орто кылымдык философиянын, иудей-христиандык кудай сөзү менен ислам-суфилик мистиканын  чиеленген катмарлары бар. Курандагы айрым уламыштардан башканы билбеген Осмонов өзүнүн акыл туюму жана таланты менен чыгарманын маани-маңызын эң жогорку көркөмдүктө ачып берген.

ХХ кылымдагы көрүнүктүү кыргыз акындарынын арасындагы дүйнөлүк деңгээлдеги жалгыз акын Алыкул Осмонов. Себеби, ал замандаш курдаштарынан айырмаланып дүйнөлүк маданиятка эрте каныккан.

М.Синельниковдун пикири биринчи басылышы 1940-жылы чыккан котормо ондон ашык кайра басылганы, ошондой эле башкы каармандардын ысымдары кыргыздардыкына айланып калганы Алыкул Осмоновдун акындык таланты жана дүйнөтаанымы жогорку экендигинин даана далили.

Кыргыздар байыркы дүйнөлүк эпикалык мурастарды азыркы заманга чейин “тирүүлөй сактап, жандуу айтып” келаткан элдердин алдында турат десек ашыкча болбос.

Мына ошол эпостордун эң көлөмдүүсү “Манас” үчилтиги жөнүндө Алыкул:

Зор “Манас” көлөмүңө жетпес ченем,

Токтобой үч ай айтса түгөнбөгөн.

Кыргызда дагы толгон көп укмуштар

Чынында баары сенин күчүң белем. –

деп жазган.

Залкар манасчы Сагынбай Орозбаковдун вариантын англис тилине которгон Уолтер Мэй:

— Акындын жүрөгүнөн оргуштап чыккан чынчылдыгы, өз ишине ушунча жан дилинен берилгени таңданткан. Экинчи баамдаганым, жаштык жигерин поэзияга сиңире алгандыгы, үчүнчүсү илхам дүйнөсүнүн кеңдиги, жергесине болгон ыйык сүйүүсүн чебердик менен чагылдыруудан чарчабастыгы. Акындын төртүнчү эрдиги оор дарттан – өпкө учугунан жабыркаган жанына карабай поэзия дүйнөсүнөн баш тартпай көктүк менен иштегендиги. Не бир сонун ырлары да дал ушул оор мезгилде жаралганы анын эрк күчүнүн далили. Алыкул музыканы, жаратылышты, шаттыкты жана түркүн оюндарды, ошондой эле акыл жигери менен күч эмгегин, кара жумушту да жактырган. Адамзат үчүн ак жаркын келечекти каалап, согуш менен түшүнбөстүктүн болбошун жана дүйнө элдеринин ортосундагы эриш-аркак өнүгүүнү тилеген.

Соңку жылдарда акындын жыйнактары Түрк мамлекеттер кызматташтыгынын натыйжасы катары тектеш түрк элдеринин тилдерине да которулууда.  Убагында кыргыз жергесинде жашап, Каракол шаарында билим алган жана кыргыз адабияты менен маданиятынын көптөгөн беренелерин түрк тилине которууда зор эмгек сиңирген акын жана котормочу Ибрахим Түркхан Алыкулдун “Ата Журт” ырын үлгү тутуп жазганында акынга болгон ыйык мамилеси туюлат.

СЕН ТЫНЧ УКТА, МЕН ООРУЮН, АЛЫКУЛ

 Алыкул Осмоновго

Боз ат минип, эрте кеттиң өмүрдөн,

Келе бербес, сага окшош зор уул.

Мурасыңды өз мойнума алайын,

Түн жамына, толгоноюн, Алыкул!

Жалгызсырап… ың-жыңы жок жайыңда,

Мекеним деп, топуракка сен жуурул.

Калемиңди өз колума алайын,

Жолуң улап, ыр жазайын, Алыкул!

Жаз жакындап.. бактар гүлгө бөлөнөт,

Кечиксе да сайрап турчу топ булбул.

Ата-Журтка өз жанымды арнайын,

Сен тынч укта, мен ооруюн, Алыкул!..

 19.02.2017 / 21:00. Каракол ш.

Айтмакчы, үч котормочу тең КР Жазуучулар Союзунун Алыкул атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары.

Ал эми мажар окурмандары ушул жыйнактан Алыкул акындын  сүйүктүү мекени жөнүндөгү чыгармаларын окугандан кийин өз ойлорун ортого саларына  ишенебиз.

Шандор Петөөфи менен Алыкул Осмоновдун турмуштук жана чыгармачыл тагдырлары дээрлик окшоштугунан жана эгемен Мажарстан – Кыргызстан ортосундагы байланыштар байыркы тагдырлаш тарыхыбыздын азыркы чакырыгынан улам ушундай ургаалдуу иштер, аракеттер улана берсин.

Памирбек Казыбаев,

“Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин жетекчиси,

КР Жазуучулар Союзунун А. Осмонов атындагы сыйлыгынын

 эки жолку лауреаты,

Мажарстандын “Венгрия маданияты үчүн” медалы жана

“Офицердик крест” орденинин ээси.

Бөлүшүү

Комментарийлер