АЛТЫНАЙ МАМАРАСУЛ КЫЗЫ — ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ

  • 13.12.2017
  • 0

Литванын Вильнюс шаарында  8-10-декабрда өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Европанын кубогуна арналган дүйнөлүк мелдеште Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинин 2-курсунун студенти Мамарасул кызы Алтынай 70 кг. салмакта жеңишке жетишип, дүйнө чемпиону аталды.

АЛТЫНАЙ МАМАРАСУЛ КЫЗЫ - ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУУниверситеттин жамааты Алтынайды 11-декабрда тозуп алып, жеңиши менен куттуктады.

«Европанын кубогуна Европа, Азиядан он бештен ашуун мамлекеттин балбандары катышты. Мен финалдык беттеште польшалык балбан менен таймашып, жеңишке жетиштим. Албетте, ар бир жеңиш үчүн күрөш тынымсыз машыгууну талап кылат. Жеңишке жетип, Кыргызстандын желегин желбиретүү үчүн бардык күч аракетимди жумшадым жана жумшай берем», — деди Алтынай.

Белгилей кетсек, Алтынай 2017-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн Жабык имараттагы V Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча алтын, Түркмөн күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган. Алтынай эркин күрөш боюнча спорттун чебери, алыш күрөшүндө эл аралык класс боюнча спорттун чебери. Ошондой эле 2016-жылы Беларусиянын Минск шаарында өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медалга, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон.

Алтынайдын эмгегин баалаган ОшМУнун жетекчилиги октябрь айында салтанаттуу жыйын өткөрүп, окууга төлөнө турган келишимдик акыдан толук бошотулгандыгын жана университеттин атынан 25 миң сом акчалай сыйлыгын тапшырган. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер