“АЛТЫН СЕРТИФИКАТ” ЭЭСИ, ОШТУК ИСАБЕК САТИМБАЕВ

  • 10.07.2024
  • 0

“АЛТЫН СЕРТИФИКАТ” ЭЭСИ, ОШТУК ИСАБЕК САТИМБАЕВОш шаарындагы “Олимп мектеп гимназиясынын бүтүрүүчүсү Исабек Сатимбаев ЖРТ тестинен эң мыкты упай алган окуучуларпдын бирөөсү. Ал 231 упай топтоо менен “Алтын сертификат” ээси аталган. 

-Мен Ош шаарындагы “Олимп” мектеп гимназиясын быйыл ийгиликтүү аяктадым. Алдыда Кыргызстанда калууну пландап жатам, буюрса, жогорку окууга тапшырууда мага “Алтын сертификат” абдан жакшы жардам берет деп ишенип турам. Мындай жогорку упай алуума билим берген мектеп гимназиям себепчи. Учурдан пайдаланып, мага билим берген бардык мугалим эже-агайларыма ыраазычылыгымды билдирем!

Кайсы университетти тандоомо толук чечим кабыл ала элекмин. Ал эми кесиптик багытта мени математика илими кызыктырат. Прикаладдык-математика жана информатика багыты боюнча Борбордук Азиядагы Америка  Университетине  тапшырсам деп тилек кылып жатам. Келечекте математика мугалими болом же математика илимдери боюнча адис болом.

Үй-бүлөм тууралуу айтсам, атам Айбек аскер кызматкери-подполковник, апам мугалим. Атамдын кызматына байланыштуу өлкө аймагында жер которулуп, Баткен, Ысык-Көл, Ош облустарында жашадык. Апам Гүлиза кесиби боюнча бухгалтер, Ош шаарында социалдык фонддо иштейт. Алар менин окууга болгон каалоомду милдет катары кабыл албашым керектигин жана сапаттуу билим алуу эмнеге маанилүү экендигин жакшы түшүндүрүшкөн.  Мен 4 бир туугандын экинчисимин. Улуу агам Ош шаарындагы жогорку окуу жайда туризм багыты боюнча билим алууда.  Менден кийин карындашым жана иним мектеп окуучулары.  Мен былтыр математика сабагы боюнча республикалык олимпиадада биринчи орунду алгам. Быйыл башка сабактарга дагы көңүл буруп жатып, республикалык олимпиадага төртүнчү болуп калдым.

ЖРТ сынагын ийгиликтүү тапшыруу боюнча кеңешим: Бул тести тапшыруучу окуучуда даярдык планы болгону жакшы. “Окууда кайсы жагынан алсызмын?” — деп өзүңө суроо узат. Бирок ар бир адам индивидуалдуу экенин да баса белгилегим келет. Ошондуктан өзүңөрдү таанып, билимиңерге баа берип, кайсы предметтерден аксап жатканыңды анализдей билгениңер оң. Баары жеңил болот деп айтып коюу оңой, бирок өзүңөргө мотивация табууга аракет кылгыла. Бул үчүн, мисалы, “Алтын сертификат” алууну каалаган дос тапкыла. Бийиктиктерге умтулган чөйрө менен бирге болсоңуз, ошондо окууга болгон кызыгууңуз өчпөйт. Мисалы менин досум Шерболот дагы “Алтын сертификат” алып, мектеп гимназиябызды “Алтын тамга” артыкчылык аттестаты менен бүттү.

Билим берүү жана илим министрибиз Догдургүл  Шаршеевна Кендирбаева менен дагы жолугуп, бизге акжол, ийгиликтерди каалады. Эми  Шерболот досум экөөбүз Президентибиз Садыр Нургожоевич менен жолугушууга келип, учурда толкундап турабыз,-деди Исабек.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер