АЛТЫН СЕРТИФИКАТ ЭЭЛЕРИ СЫЙМЫККА БӨЛӨНДҮ
- 27.07.2020
- 0
22-июлда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев ЖРТдан жогорку балл алган окуучуларды, предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн жана мектепти «Алтын тамга» аттестаты менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдү кабыл алды.
Анын жүрүшүндө ЖРТда өлкө боюнча эң жогорку 229 балл топтоп, алтын сертификатка татыктуу болгон Алай районундагы №25 Э.Мурзаев атындагы орто мектебинен Нурбек кызы Акмарал жана Ноокат районунун А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынан Айзат Топчубаева акыркы үлгүдөгү ноутбуктарга ээ болушту.
Аталган эки окуучунун мектебине да 10 миң сомдон сыйлык берилди.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер