АЛТЫН СЕРТИФИКАТ АЛГАН АЛТЫН БАЛДАР

  • 31.07.2024
  • 0

2023-2024-окуу жылында ЖРТнын жыйынтыгы менен эң жогорку упай топтогон 58 бүтүрүүчү Алтын сертификатка ээ болгон. Алтын сертификат абитуриенттерге каалаган окуу жайына тапшырууга жол ачат. Быйылкы абитуриенттердин басымдуу бөлүгү IT тармагын тандаган.

АЛТЫН СЕРТИФИКАТ АЛГАН АЛТЫН БАЛДАР 

№ 24 мектеп-гимназиясынын физика-математика классын аяктаган Темирлан Асанов ЖРТдан 225 балл топтоп, каалаган окуу жайына тапшыруу мүмкүнчүлүгүн алды. Ал учурдагы эң актуалдуу программист кесибинин тандап, Эл аралык Ата-Түрк Ала-Тоо университетине тапшырды.

Мектепте төрткө окуган бүтүрүүчү мектептеги олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеп, райондук деңгээлде да өзүн көрсөтүп келген. Алсак, мектептеги олимпиадада 9-11-класста 2-орунду,  райондо 6-орунду ээлеген.

АЛТЫН СЕРТИФИКАТ АЛГАН АЛТЫН БАЛДАР

Тарых жана  математика сабагын өзгөчө сүйүп окуп, көп убакытын арнаганын айтат. Математика боюнча олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды багындырган. Андан сырткары, ар кандай долбоордук сынактарда да өзүн сынаган. Маселен, шаардагы түтүнгө каршы морлор үчүн фильтр долбоорун иштеп чыгып, эл аралык сынакта үчүнчү орунга жетишкен.

 

  • Сынакка 2-3 ай калганда даярданып баштадым. Тест кыйын деле болгон жок, интернетте керектүү маалыматтар көп. Күн сайын аракет кылып, машыгып турдуу керек. Математика жана окуп түшүнүү бөлүмдөрүндө убакытты туура белгилеп, мүмкүн болушунча тезирээк жооп бере билүү маанилүү. Алтын сертификат алганымды адегенде бир классташым жазган. Ишенген жокмун. Себеби ага чейин фейк тизмелер көп чыгып жаткан. Бирок кийин көп адамдардан билдирүүлөр келе баштады, ошондо чын экенин түшүндүм. Мен дароо ата-энеме кабарладым. Үй-бүлөбүз менен кубандык. Өзгөчө атам муну каалаган. Атамдын кыялын, өз максатымды ишке ашыра алганыма кубанычтамын, — дейт бүтүрүүчү.

 

Темирлан Асанов үй-бүлөдө үч бир туугандын кенжеси. Ата-энеси кичинекей кезинен  билим жашоонун булагы экендигин түшүндүрүүгө аракет кылып, өзүнө керектүү жана кызыктуу маалыматтарды гана алууга үйрөткөн. Эгерде бир нерсеге каалоосу болбосо, мажбурлаган эмес. Анын мотиватору – агасы. Бир тууганы өзүнүн турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп, окуу абдан зарыл экенин байма-бай айтчу.

АЛТЫН СЕРТИФИКАТ АЛГАН АЛТЫН БАЛДАР

Алтын сертификат ээси бир гана окууда ийгиликтүү жараткан окуучу эмес. Дегеним, тогуз жашынан тартып профессионалдуу футбол менен машыккан. Эл аралык турнирлерге чейин катышып, бир нече жолу 3-орунду, 2-орунду беш ирет, 1-орунду эки жолу багындырган. Анын мындай ийгилиги бааланып, бир нече ирет футбол боюнча улуттук курама командага чакырылган. Бирок турнирге кабыл албай койгону анын шагын сындырып, футболду таштоону чечкен. Кийин киберспортко кызыгып, жарым профессионалдык деңгээлде ойногон. Бишкек шаардык турнирдин чемпиону,  үч жолу Кыргыз Республикасынын чемпиону атыккан.  Келечектеги максаты — университетти аяктап, ийгиликтүү карьера куруу.

АЛТЫН СЕРТИФИКАТ АЛГАН АЛТЫН БАЛДАР

Эл аралык Ата-Түрк Ала-Тоо университетин тандаган дагы бир бүтүрүүчү Жумадил Ниязбеков. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун А.Жаныбеков атындагы №46 орто мектебин аяктаган. Мектебинин алдыңкы окуучусу. ЖРТдан 229 упайга ээ болду. Ага даярданып баштаганда эле 200дөн ашык упай алууну максат кылган.  Жыйынтыгында, өз билим уясына алгачкы, районуна экинчи Алтын сертфикатты алып келген. Ага даярданууга ата-эне жана эжеси колдоо көрсөтүп, керектүү материалдар менен камсыздап турушкан.

АЛТЫН СЕРТИФИКАТ АЛГАН АЛТЫН БАЛДАР

  • ЖРТга эки ай талыкпай даярдандым. Өзгөчө “Секом” билим берүү борборунун китептери жакшы жардам берди. Тест мен ойлогондон дагы оңой болду. Бирок Алтын сертификатка ээ болорум жөнүндө күмөнүм бар эле. Себеби былтыр Алтын сертификатка эң аз дегенде 223 балл керек болчу. Март айында сынамык тест тапшырып, 214 упай алгандан кийин өзүмдө ишенич пайда болуп, Алтын сертификатка жетүүнү максат кылгам. Үмүтүм акталып 229 упай алдым, — деген бүтүрүүчү Алтын сертификат алганын биринчи сайттан көргөн. Ага чейин ар кандай группаларда жалган тизмелерден өзүн таба албай, маанайы чөккөнүн айтат. Ошондой эле тизме чыккан күнү телефону тынбай, мугалимдери, тууугандарын чалганын, өзү болсо кубанганынан асманда учуп жүргөнүн айтат.

АЛТЫН СЕРТИФИКАТ АЛГАН АЛТЫН БАЛДАР

Эл аралык Ата-Түрк Ала-Тоо университетинин компьютердик инженерия бөлүмүнө тапшырган бүтүрүүчү алгач Кыргыз-Түрк Манас университетинин IT тармагына тапшырууну пландаган. Бирок програмист кесиби үчүн англис тили пайдалуу экендигин эске алып, окутуу программасы англис тилинде жүргүзүлгөн окуу жайды тандаган. Келечекте IT тармактагынын мыкты адиси болуп, Кыргызстандын келечегине салымын кошсом деген изги тилекте.

АЛТЫН СЕРТИФИКАТ АЛГАН АЛТЫН БАЛДАР

Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Б.Келдибаев атындагы орто мектебин аяктаган Алмаш Мамасалиева ЖРТдан 226 упай алып, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын хирургия бөлүмүнө тапшырды. Ал көп кесиптерди изилдеп отуруп, өзүн келечекте хирург катары гана элестетерин түшүнгөн.

АЛТЫН СЕРТИФИКАТ АЛГАН АЛТЫН БАЛДАР

Мектепте 10-класста кыргыз тили сабагынан олимпиадага катышып, зоналык турдан 1-орунду, 11-класста ушул эле предметтин облустук турунан 3-орунду багындырган. Ошондой эле көркөм окуу сынактарына да катышып келген. Бул сыяктуу кандай гана конкурс, олимпиада болбосун ата-энеси моралдык, финансылык жактан дайыма колдоп, керектүү шарттарды түзүп берерин айтат.

  • Негизи мен кайсы кесипке тапшырарымды так чече элек болчумун. Ошол себептен ЖРТда жардамы чоң болот деп кыргыз тили предметинен олимпиадага катышкам. Өзүм математика предметине кызыкчумун. Кийинчерээк китептерди окуп, изилдеп отуруп медицина тармагына тапшырууну чечтим. Адам татаал түзүлүштө болгондуктан аны изилдеп окуу да мен үчүн кызыктуу. Адамдардын өмүрүн сактап калууга себепчи болгон кесибим жоопкерчиктүү, ары пайдалуу деп ойлойм, — деген Алтын сертификат ээсинин апасы мугалим болгону үчүн да үмүтүн актоого тырышып, көп аракет көрөт.

Ошондой эле ЖРТга даярдыкты күз мезгилинен баштап, жеке менчик окуу борборунда окуган. Мектепте алган билим да чоң жардам берген экен.  Кийинки жылкы бүтүрүүчүлөргө даярдыкты болушунча эрте баштап, сынамык тесттердин жыйынтыгына жараша кемчиликтерине анализ жүргүзүп, күн сайын өзүнүн үстүнөн иштөө жакшы жыйынтык берерин айтат.

АЛТЫН СЕРТИФИКАТ АЛГАН АЛТЫН БАЛДАР

Ушул эле окуу жайдын алдындагы медициналык лицейди аяктаган Дилбара Акжигитова кайра эле өзү окуган окуу жайдын дарылоо иши факультетин тандады. Ал 226 упай алган. Бир гана Алтын сертификат эмес, Алтын тамга сертификатынын да ээси. Лицейге чейин Кант шарындагы №3 жалпы билим берүү мектебинде билим алган. Тестирлөө учурунда бир нече ката кетиргенин билгендиктен, Алтын сертификат алууга чоң үмүт байлаган эмес. Ошол себептен бул күтүүсүз келген жагымдуу жаңылык болгонун айтат.

Бүтүрүү классы адамдын жашоосундагы маанилүү этап болгондуктан, Гүлбара Акжигитова 2024-окуу жылын тынчсыздануу менен баштаган. Келечекте өзүн бир гана медицина тармагында, тактап айтканда, нейрохирургия жаатында көргөндүктөн химия, биология предметтеринен кошумча даярданган. Айтымында, таттаал кесипти тандап жатканын туят, ошентсе да колунан келишинче мыкты адис болгонго бар-күчүн жумшайт.

  • Ар бир адам бала кезинен эле ким болору тууралуу кыялданат эмеспи. Мен акыркы чечимди ортоңку класска келгенде чыгаргам. Лицейде химия, биология сабагын тереңдетип окуткандыктан, медицина тармагына сүйүүм дагы да күчөп, жаңы маалыматтарды билүүгө, өзүмдү ар тараптан сыноого кызыгып, жыл сайын бул кесипке болгон кызыгуум артып жатты. Албетте, өзүм үчүн кыйын жолу тандадым, бирок ушул жол кызыктуу деп ойлойм, — деген пери дайыма шыктандырып турган ата-энесинин колдоосу бардык жакта ийгилик жаратууда өбөлгө болорун билдирди.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер