«АЛТЫН КАЗЫК»: САНАРИП ДООРГО ЗАМАНБАП ТЕХНИКА МЕНЕН
- 03.09.2025
- 0
Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө көчкөн жаңы окуу жылында “Алтын Казык” ноутбуктары министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө жеткирилип, STEM жана англис тил мугалимдерине таркатылып берилди.

Министрликтин мектептик билим берүү башкармалыгынын адиси Аман Ыканов жалпысынан 27 031 даана ноутбук аймактарга жеткирилгенин жана алардын көпчүлүгү салттуу түрдө жаңы окуу жылы башталганга чейин жер-жерлерде өткөрүлүүчү педагогикалык кеңешмелерде STEM предметтеринин мугалимдерине тапшырылганын билдирсе, бул иште башынан активдүү катышып жүргөн министрликтин административдик-чарбалык бөлүмүнүн башчысы Аскат Төлөмүшовдон мындан да так маалыматтарды ала алдык. Анын сөзүнө караганда, STEM предметтери боюнча Баткенде 1977, Чүйдө 2280, Талас облусунда 895, Жалал-Абадда 3937, Нарында 1325, Нарын шаарында 135, Ош облусунда 4211, Ош шаарында 865, ал эми жалпы республика боюнча 19020 мугалимге «Алтын казык» ноутбуктары тапшырылган.
Калган ноутбуктар болсо, өлкөдөгү англис тил мугалимдерине таркатылыптыр.
— Баткен облусуна 575, Чүйгө 777, Таласка 283, Жалал-Абад облусуна 1375, Нарынга 395, Ысык-Көлгө 590, Ош облусуна 1569, Ош шаарына 448, Бишкек шаарына 901, атайын жалпы билим берүү уюмдарына 591, жаңыдан түзүлгөн «Туңгуч» онлайн мектебине 28 ноутбук жеткирилди, — дейт Аскат Тилебалдиевич.
Эсиңиздерде болсо керек, өткөн айдын башында Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы технопаркта аймактарга бөлүнгөн ноутбуктар менен таанышып, алар жер-жерлердеги мугалимдердин ишине жардам берип, балдардын сапаттуу билим алуусуна кызмат кылат деген ишенимин билдирген болчу.

Бул ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан сыноодон өткөрүлүп, сыноо учурунда аныкталган кемчиликтер толугу менен жоюлганын кабарлаганбыз. Арабызда «Алтын казык» ноутбуктарына кызыккандар көп. «Алтын казык» ноутбуктарынын өзгөчөлүгү – алардын атайын лицензияланган программасы бар, ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган. Ноутбуктардын ичинде мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган.
Бир сөз менен айтканда, 12 жылдыкка багыт алган азыркы мектепти «Алтын казык» ноутбуктарысыз элестетүүгө болбойт.
Ош шаарында өткөн республикалык август форумунда «Алтын казык» ноутбуктары «Мыкты мугалим» сынагынын облустук турунун жеңүүчүсү, Өзгөн районундагы №53 М.Ботобеков атындагы жалпы билим берүүчү мектептин мугалими Элмира Атакуловага, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы А.Салиев атындагы мектептин математика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Сакеева Алтынайга, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Сатыбеков атындагы орто мектебинин география мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Сарпиева Мирага, Бишкек шаарындагы №87 мектебинин физика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын шаардык этабынын жеңүүчүсү Ишенова Сангүлгө, Чүй облусунун Сокулук районундагы К.Шопокова атындагы мектептин математика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Мамбеталиева Жазирага, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №12 Абдраманов атындагы орто мектебинин география мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Кадырова Гүлкайырга, Баткен облустук жатак мектебинин информатика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Ташова Чолпонго жана Ош шаарындагы №31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин физика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын шаардык этабынын жеңүүчүсү Абдывахап кызы Элизага символикалуу түрдө тапшырылган эле, эми болсо
өлкөдөгү бардык STEM жана англис тил мугалимдеринин колуна тийди.
Билим күнүнө карата Чүй облусундагы жетим жана ата-энесинен кароосуз калган балдар үчүн жатак-мектепке агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев барып, мугалимдер менен тарбиячыларга ноутбуктарды тапшырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө М.Баймурзаев тарбиялануучулар менен маектешип, алардын билим жолунда ийгиликтерди багынтуусун каалап, балдардын келечегине жылуу каалоо-тилектерин билдирди. Министрдин биринчи орун басары мектептин имараттарын жана материалдык-техникалык базасын да көрүп, азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышты.
Ат-Башы районунда да 1-сентябрь Билим күнүндө STEM багытында сабак берген мугалимдер да «Алтын казык» ноутбуктарына ээ болушту.
Кара-Көл шаарындагы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин август педагогикалык кеңешмесине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, STEM багытында сабак берген 77 мугалимге «Алтын Казык» бренди менен чыгарылган ата мекендик ноутбуктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Ноутбук алган мугалимдердин айрымдары өз пикирлерин билдирип жатышат. Алардын бири – Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу К. Мамбеталиев атындагы мектептин информатика мугалими Бакытбек Айдаров мындай дейт: “Алтын Казык” ноутбугу иштөөгө абдан ыңгайлуу болуп жатат. Мен информатика мугалими болгондуктан, мага “STEM”, “SCHOOL 2030” долбоорлоруна ылайыктуу сабактарды, видео сабактарды жана презентацияларды даярдоодо абдан жеңил болду”. Ал эми математика мугалими Адинай Асранбекова: “Ноутбук көрктүү, жеңил жана сапаттуу жасалгандай көрүнөт. Бардык керектүү программалар орнотулуптур. Мугалимдерге кам көрүшкөнү абдан жагымдуу”, – дейт.
Ал эми Ош облусунун Алай районундагы №3 Токтогул атындагы орто мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Кундузкан Ыбышова «Санарип кампа» платформасына аябай көп предметтерге тиешелүү маалыматтар жүктөлүптүр» деген пикирин билдирди.
Чындыгында эле табигый илимий предметтер (STEM) – математика, физика, биология, химия жана география боюнча кошумча окуу материалдары жүктөлгөн «Санарип кампа» платформасында мугалим жана окуучулар үчүн зор мүмкүнчүлүктөр камтылганбы?
Жалпы орто билим берүүчү мектептердин 5-11-класстарына арналган бул платформа мугалимдерге жана окуучуларга сапаттуу, жеткиликтүү, интерактивдүү жана заманбап билим берүү материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде берүү максатында иштелип чыккан. Платформа өз ичине видеосабактарды; презентацияларды,
интерактивдүү симуляторлорду, инфографиканы, 3D-моделдерин, тесттик көнүгүүлөрдү камтыйт.
Мугалимдер платформаны колдонуу менен сабактарды кызыктуу, жеткиликтүү жана интерактивдүү өтүп, берилген тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөп, жыйынтыктарды баалай алышат. Окуучулар болсо темаларды өз алдынча үйрөнүп, тесттер аркылуу билимин текшере алышат. Бул мугалим менен окуучунун ортосундагы карым-катышты жакшыртып, окуу процессин өркүндөтүү үчүн кайтарым байланышты камсыз кылат.
Мугалимдер платформадагы маалыматтарды колдонуп эле тим болбостон, өздөрү да жаңы сабактарды даярдай алышат, жасалма интеллекттин жардамы менен автоматтык түрдө тесттерди түзүүчү системаны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Бул платформанын негизинде жаңыдан иштелип чыккан «Э-күндөлүк» – окууну башкаруу системасы «Санарип кампанын» бир тутуму катары иштейт.
«Санарип кампа» платформасы билим берүү процессин санариптештирүүгө, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен сапатын жогорулатууга багытталган. Ал мугалимдер жана окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
Платформа Агартуу министрлигинин учурдагы тутумдары менен интеграцияланган, бул маалыматтарды чогултууну жана талдоону борборлоштурат.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер