Алтын Асанова: “АЛЬЯНС ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ЖУРНАЛИСТТЕРДИ ДАЯРДООГО ЖАРДАМ БЕРЕТ”

  • 04.07.2024
  • 0

Алтын Асанова: “АЛЬЯНС ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ЖУРНАЛИСТТЕРДИ ДАЯРДООГО ЖАРДАМ БЕРЕТ”

 

Журналистика жана коммуникация билимин биргелешип өнүктүрүү үчүн Бишкек мамлекеттик университети менен Кытайдын Түндүк-Батыш университети Альянс түздү. 

Альянстын кеңсеси Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде ачылды. Бул эл аралык уюмдун негизги максаты эки мамлекеттин жогорку окуу жайларындагы журналистика факультеттеринин ортосундагы карым-катнашты чыңдоо, академиялык мобилдүүлүктү жандандыруу, биргелешкен илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, журналистика жана коммуникация тармагында заман талабына төп келген кадрларды даярдоо болуп саналат.

  • Бул Альянстын түзүлүшү Кыргыз-Кытай мамилелеринин тарыхындагы эң биринчи окуя экен. Эмне үчүн Бишкек мамлекеттик университетинде түзүлдү? Мунун себеби кыргыз коомчулугуна да, Кытай коомчулугуна да, башка мамлекеттерге да белгилүү. Анткени Кыргызстанда Кытай багытын билим берүүдө өнүктүргөн эң биринчи Бишкек мамлекеттик университети болуп саналат. Биринчи Кыргыз-Кытай факультети да дал ушул университетте түзүлгөн. Башкача айтканда, БМУ Кыргызстан үчүн да, Кытай үчүн да эң жогорку квалификациялуу кадрларды даярдап баштаган окуу жай, бул биринчи себеби. Экинчиси, өзүңүздөргө белгилүү Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана маалыматтык системалар факультети Кыргызстандагы журналисттерди даярдаган факультеттердин эң алдыңкыларынын бири болуп саналат. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн бардыгы бүгүнкү күндө Кыргызстан гана эле эмес чет мамлекеттердин эң маанилүү деген ММКларында, мамлекеттик мекемелерде иштешет. Биз алар менен сыймыктанабыз, — дейт Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы Алтын Асанова.

Алтын Асанова: “АЛЬЯНС ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ЖУРНАЛИСТТЕРДИ ДАЯРДООГО ЖАРДАМ БЕРЕТ”

Алтын Асановнанын айтымында, бул факультет академиялык  мобилдүүлүктү да жакшы жолго койгон. Студенттери Кыргызстандын ичинде гана эмес, чет өлкөлөрдөгү ЖОЖдордон академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп келе алышат. Мисалы,  Борбордук Азиядагы Америка университети менен 10 жылга жакын убакыттан  бери кызматташып, жыл сайын англис тилин жакшы билген студенттерин жөнөтүп, бир семестр бекер окутууга жетишкен.

  • Бул абдан жакшы жыйынтыктарды берет. Ошол студенттерибиз тил билүү деңгээлин жогорулатууга жакшы мүмкүнчүлүк алышат. Андан сырткары ал жактагы жакшы чет элдик долбоорлорго катышышат. Ал жакта сабактар англис тилин алып жүрүүчүлөр тарабынан өтүлөт. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой университеттин материалдык-техникалык базасы өтө жогору. Ошондуктан студенттерге да биз ушундай шарт түзүп бергенге аракет кылабыз, — дейт А.Асановна.

Факультет Түркиянын эки жеке менчик университети менен да келишимдерди түзгөн. Түрк тилин мыкты билген студенттер дагы бир семестр окуп келсе болот. Андан сырткары факультет башка факультеттер менен да тыгыз байланышып,  көптөгөн биргелешкен иштерди алып барышат. Профессордук-окутуучулук курамы болсо Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышта болуп, өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатып турушат. Мына ушул критерийлердин баардыгы Альянсты дал ушул окуу жайга түзүү чечимин кабыл алууга түрткү берген.

Альянска Кыргызстандагы бардык журналистика факультеттери, бөлүмдөрү кошула алат жана чогуу кызматташууга мүмкүнчүлүк алышат. Эки мамлекеттин тең профессордук-окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатууга жол ачылат. Ааламдашуу чөйрөсүндө студенттер бир эле факультеттен окубай мүмкүн болушунча академиялык мобилдүүлүк менен сырттан окуп келишине толук шарт түзүлөт.

  • Окутуучулар болобу, студенттер болобу жарым жыл, же он күн, бир ай болобу Кытайдан стажировкадан өтүп, семинар-тренингдерге катышып, тарыхы чоң, дүйнөгө атагы чыккан ММКлардын базасында практикадан өтүп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эң негизгиси келечекте Кыргызстандын журналистикасына, коммуникациясына, маданиятына, саясатына, экономикасына, деги эле Кыргызстандын кадыр-баркын көтөрүп, анын баасын жогорулашына салым кошкон, азыркы замандын талаптарына жооп берген адистерди даярдашыбыз керек. Азыр айрымдар конвергенттүү журналисттерди даярдоо керек дешсе, кээ бири профиль боюнча даярдоо керек дешет. Биз экөөнү тең даярдасак болот. Эң башкысы жаңы муундагы таланттуу журналисттерди даярдоо биздин эң чоң милдетибиз, — дейт Алтын Асановна.
Бөлүшүү

Комментарийлер