АЛМАТЫДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА БИШКЕКТИН ЖАШ БИЙЧИЛЕРИ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

  • 07.04.2026
  • 0

2026-жылдын 5-апрелинде Алматы шаарында өткөн XIV Эл аралык «Firework of Stars» хореографиялык искусство сынагында Бишкектеги А. Айталиев атындагы №1 балдар искусство мектебинин окуучулары ийгиликтүү катышып, байгелүү орундарды багындырышты.

АЛМАТЫДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА БИШКЕКТИН ЖАШ БИЙЧИЛЕРИ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

А. Айталиев атындагы №1 балдар искусство мектебинин алдындагы «Адажио» хореографиялык ансамблинин жаш бийчилери жогорку деңгээлдеги даярдыгын, сахналык маданиятын жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтө алышты. Сынактын жыйынтыгында ансамбль үч биринчиликти жеңип алды.

Аталган сынакка Казакстандын ар кайсы аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген таланттуу бийчилер катышып, ал жаз айларынын эң маанилүү маданий иш-чараларынын бири катары белгиленди.

Жеңиш жаш бийчилер үчүн чоң тажрыйба болуп, башка чыгармачыл жамааттар менен тажрыйба алмашууга, жаңы идеяларга шыктанууга өбөлгө түздү.

Бөлүшүү

Комментарийлер