АЛИХАНДЫН ЖЕҢИШИ

  • 06.02.2025
  • 0

Бишкек шаарындагы №98 мектептин 8-классынын окуучусу Алихан Раимбеков британиялык OWLYPIA уюму англис тили боюнча уюштурган сынакта үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль алды.  

АЛИХАНДЫН ЖЕҢИШИ

Алихандын чоң энеси Жылдыз Осмонованын айтымында, ал кичинекей кезинен эле тилге кызыгат. Айрыкча “Билимкана” мектебинде окуп жүргөндө жапон тилин жакшы өздөштүргөн.

— Неберем учурда Дамира Шаршенбековнанын англис тили боюнча курсуна катышып жүрөт. Ал кичинекей кезинен эле тил үйрөнүүгө кызыгат. Адегенде Кант шаарындагы “Билимканада” окуп жүргөндө жапон тилин үйрөнө баштаган, кийин Бишкекке которулганда жапон тили боюнча курстар жок, убактылуу токтоттук. Быйыл Дамира Шаршенбековнанын демилгеси, сунушу менен ушул сынакка катышып калды. Себеби мугалими Алихандын тил үйрөнүүгө жөндөмү бар деп мактайт. Анын сунушу менен эл аралык олимпиадага аябай даярданды. Натыйжасы жаман болгон жок, үчүнчү байгелүү орунду алып коло медаль менен сыйланды. Биз аябай кубанып жатабыз. Бардык эле ата-эне балдарынын келечегине кам көрүп, шык-жөндөмүнө жараша билим бергенге умтулат эмеспи, биз да неберебиздин тил өздөштүрүүдө жетишкендиктерине колдоо көрсөтүп, жеңүүчү катары сунушталган чет өлкөлөрдүн бирине баруусуна шарт түзүп бергенге даярбыз, — дейт, өзү да педагог Жылдыз Бакасовна.

UCA CAMBRIDGE нин англис тили мугалими Дамира Жоробекова эл аралык олимпиада жөнүндө бизге төмөнкүлөрдү айтып берди.

— Бул сынакка дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан каалоочулар катыша алат. Адатта эки күнгө созулган бул сынак бир жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Сынак учурунда балдар спонтандык сүйлөө, башкача айтканда, шыр сүйлөө, 60 суроодон турган тест ж.б. тапшырмаларды оюн түрүндө аткаргандыктан, алар үчүн аябай көңүлдүү. Балдар сынак учурунда тамак ичип, ээн-эркин формада баарлаша алат. Быйыл жалпысынан 175 жеңүүчү болду. Биздин англис тили тайпасындагы 15 баланын ичинен 9 бала байгелүү орунду ээледи. Жеңүүчүлөр үч мамлекеттин бирөөнө — Дубай, Лондон же Америкага барышмакчы, — дейт.

Дамира Шаршенбековнанын айтымында, 9-11 жаштагы жана 12-14 жаш курактагы балдар үчүн OWLYPIA эл аралык интеллектуалдык сынагына Кыргызстандан катышкандарды Билимтек компаниясы каржылайт. Ошол компания аркылуу бул кичинекей ойчулдардын эл аралык сынагы, анын шарттары жөнүндө билүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүктөн, балдар сынакка Билимтек аркылуу катталат. Дагы бир маанилүү жагы Билимтек аркылуу катталган балдарга жеңилдиктер каралат.

OWLYPIA эл аралык интеллектуалдык сынагынын максаты – балдардын интеллект деңгээлин жогорулатуу, кругозорун кеңейтүү, социалдык жана лидерлик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлдеги сертификаттар жана медалдар менен сыйлоо.

Кошумчалай кетсек, эки күндүк бул эл аралык сынак январь айынын аягында Ош шаарында, 1-2-февралда Бишкекте өткөрүлгөн.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер