Алхам Абдирасулов- дүйнө чемпиону жана Кыргызстандын 4 медалы

  • 01.08.2025
  • 0

Бул күндөрү Грециянын Афина шаарында спорттук күрөш боюнча 17 жаштагы улан-кыздар арасында дүйнө чемпионаты атаандаштык менен өтүп жатат. Мында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык  Алхам Абдирасулов алтын медаль утуп, дүйнө чемпиону аталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыргызстандык балбан Алхам  55 салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттешинде ирандык Амирреза Саедди 5:3 эсебинде жеңип алды. Андан соң сегизден бир финалда венгриялык Балинт Казиншини 9:0 эсебинде артыкчылык менен утту. Чейрек финалда кытайлык Цзунъяо Вуну 9:1 эсебинде артыкчылык менен жеңип, жарым финалга жолдомо алды. Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта индиялык Адитья Гуптаны 6:5 эсебинде жеңип, баш байгеге талапкер болду. Ал эми финалдык таймашта казакстандык Нурали Аскарды 4:1 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болуп,  жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, дүйнө чемпиону аталды.

Алхам Абдирасулов- дүйнө чемпиону жана Кыргызстандын 4 медалы

55kg GR — Alkham Abdirasulov (KGZ)

Муну менен Алхам Абдирасулов уландар (кадеттер) арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон бешинчи кыргыз балбаны болуп калды. Буга чейин мындай наамга балбандар: Уран Калилов (1996-жылы), Акжол Махмудов (2016-жылы), Нуристан Сүйөркулов (2021-жылы) жана Раззак Бейшекеев (2021-жылы) татыктуу болушкан.

Ошондой эле Афина шаарында өтүп жаткан (U-17) дүйнө чемпионатында эки кыргыз балбаны күмүш медалдын ээлери болушту.

Грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмактык категорияда килемге чыккан Амангелди Ысакбаев мелдештин алгачкы баскычында Армениянын спортчусу Завен Межлумянды 11:7 эсебинде жеңип, сегизден бир финалда Мексиканын балбаны Омар Гонсалести 3:1 эсебинде утуп, чейрек финалда Германиянын спортчусу Мику Лейбес менен болгон таймашта 3:3 эсебинде анын далысын килемге таза тийгизүү менен жеңди. Амангелди финалга чыгуу үчүн болгон таймашта Украинанын балбаны Денис Серединди 6:1 эсебинде жеңип алган.  Бирок финалда Азербайжандын спортчусу Али Назаровго 1:5 эсебинде утулуп, күмүш медалга ээ болду.

Ал эми 45 кг салмак категориясында күч сынашкан Нуркерим Кумарбеков мелдештин алгачкы баскычында Түркиянын балбаны Мустафа Гүвенди 14:6 эсебинде жеңип, чейрек финалда Украинанын спортчусу Тимур Махаррамовду 5:2 эсебинде уткан.  Нуркерим жарым финалда Азербайжандын балбаны Абдуррахман Хусейнлини 7:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда  таза жеңип алып, финалга чыккан. Алтын медаль үчүн болгон таймашта ал Казакстандын балбаны Куанышбек Жангажолго 7:8 эсебинде бир упай айырма менен утулуп,  экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.

Дүйнө чемпионатында  грек-рим күрөшүнөн 80 кг салмакта күч сынашкан кыргызстандык Нурислам Өскөнбаев  үчүнчү орунду ээлеп,  коло медаль тагынды.

Алхам Абдирасулов- дүйнө чемпиону жана Кыргызстандын 4 медалы

60kg GR — Ali Nazarov (AZE) df. Amangeldi Ysakbaev (KGZ)

Өскөнбаев Италия, АКШ жана Венгриянын спортчуларын үч жолу катары менен жеңип, жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн  беттеште Нурислам Өзбекстандын өкүлүнө утулуп калганы менен коло байге үчүн күрөштө ирандык балбанды 3:1 эсебинде утуп алды.

Ошентип, Нурислам уландар арасындагы дүйнө чемпионатында алтынчы кыргызстандык балбан болуп коло медаль тагынды. Ага чейин коло медалдын ээлери Жоламан Шаршенбеков (2016), Эрбол Бакиров (2016), Акылбек Талантбеков (2017), Нурболот Бердикулов (2021) жана Куттубек Рысматов (2023) болгон.

Командалык эсепте Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча командасы 100 упай топтоп, 44 команданын ичинен 4-орунду ээледи.

Эми кыргызстандык балбан кыздар жана уландар эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын таймашууларына чыкканы даярдык көрүп жатышат. Афинадагы дүйнө чемпионаты 3-августта жыйынтыкталат.

Кабыл Макешов,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер