АЛГАЧКЫ “CYBER КӨЛ” IT ФЕСТИВАЛЫНА СТУДЕНТТЕР ДА КАТЫШАТ

  • 11.07.2024
  • 0

Кыргызстанда алгачкы ирет 16-17-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда «Cyber Kөл» Эл аралык IT фестивалы өтөт.

АЛГАЧКЫ “CYBER КӨЛ” IT ФЕСТИВАЛЫНА СТУДЕНТТЕР ДА КАТЫШАТ

 

Маалыматка ылайык, алгачкы жолу өтө турган «Cyber Kөл» ( IT Fest 2024 Cyber Kөл) Эл аралык IT фестивалы Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия масштабында да маалыматтык технологиялар тармагындагы эң көрүнүктүү иш-чаралардын бири болоору күтүлүүдө. Анын уникалдуулугу – IT адистеринин фестивалы катары өзгөчө форматында, ошондой эле бай программасында жатат.

  • Иш-чара IT тармагындагы алдыңкы адистердин, инвесторлордун, студенттердин жана энтузиасттардын башын бириктирип, тажрыйба алмашуу, соңку технологиялык жетишкендиктерди көрсөтүү, стартаптарды, жаңы өндүрүштөрдү, бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ортого салуу жана жаңы өнөктөштүк байланыштарды калыптандырууга мүмкүнчүлүк түзөт. IT Fest 2024 «Cyber Kөл» иш-чарасынын уюштуруучулары Кыргызпатент, Чолпон-Ата шаарындагы №2 Мамлекеттик резиденция, Жогорку технологиялар паркы, Кыргызстандын биргелешкен технологиясынын борбору жана Adm Marketing агенттиги. Иш-чаранын максаты – аймактагы санариптик трансформацияны тездетүү, технологиялык өнүккөн өлкө катары Кыргызстандын аброюн жогорулатуу жана эл аралык инвесторлордун көңүлүн буруу. IT Fest 2024 Cyber Kөл – маалыматтык технологиялык экосистеманы чыңдоо, жана IT стартаптарды колдоо, адистерди окутуу жана кесиптик дараметин арттырууга шарттарды түзүү, келечектеги өнөр жай лидерлерине тажрыйба алмашуу жана инновацияларды жайылтуу үчүн бизнес өкүлдөрү менен мамлекеттик органдардын жана академиялык коомчулуктун ортосунда байланыш түзүү аркылуу Кыргызстандын технологиялык потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкон инновациялардын жана диалогдун борбору болууга багытталган, — дешет уюштуруучулар.

IT-фестивалдын катышуучуларын жана конокторун көңүл көтөргөн, ошол эле учурда мазмундуу бөлүктөн турган, кызыктуу көз ирмемдерге бай концерттик программа күтөт.

Биринчи IT-фестивалдын программасында төмөнкүлөр камтылган:

🔹 CS:GO боюнча Киберспорт оюндар: 1 000 000 сом

🔹 PUBG: 500 000 сом

🔹 Мобилография боюнча турнир: ( 100 катышуучу, байге фонду 300 миң сом)

🔹 Хакатон (катышуучулар 600 адам, байге фонду 500 миң сом)

🔹 Робототехника сынагы (катышуучулар 200 студент, байге фонду 300 миң сом)

🔹 Киберкоопсуздук (200 000 сом)

🔹 Дизайн жана 3D 300 катышуучу, байге фонду 500 миң сом

🔹 Дрон көрсөтүү (50 катышуучу, байге фонду 300 миң сом)

IT фестивалдын алкагында ошондой эле, инвестициялык укук жана патенттөө, аракеттеги IT продукттар, маалымат технологиялардын жардамы менен туризмди өнүктүрүү, жасалма интеллект, кибер коопсуздук сыяктуу түрдүү темаларда воркшоптор жана талкуулар өтөт.

Иш-чаранын катышуучуларын жана конокторун кызыктарган – Digital Art көргөзмөсү жана Digital Fashion мода көрсөтүү уюштурулган.

Jaz , Ulukmanapo, Jax, Freeman 996, Iluxa, Азат Райымбердиев, Dj Khan жана башка белгилүү шоу жылдыздарынын көңүл көтөргөн концерттик программасы эч кимди кайдыгер калтырбайт жана IT Fest 2024 Cyber Kөл иш-чарасын чыныгы майрамга айлантат!

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер