АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРЛОРУНУН ДАРАМЕТИ ТАЛКУУЛАНУУДА

  • 28.02.2024
  • 0

27-февралда Бишкекте уюштурулган тегерек столдо Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында түзүлгөн Алдыңкы тажрыйба борборлорунун дараметин талкуулоо өткөрүлүүдө.

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРЛОРУНУН ДАРАМЕТИ ТАЛКУУЛАНУУДА

Билим берүү жана илим министрлигинин «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорун ишке ашыруу боюнча бөлүмдүн кызматкерлери, Алдыңкы тажрыйба борборлорунун директорлору жана эксперттер пилоттук окуу жайларынын жетишилген натыйжалардын туруктуулугун камсыздоо жана өнүктүрүү үчүн ишмердүүлүгүнүн багыттарын жана министрлик менен Алдыңкы тажрыйба борборлорунун бирдиктүү аракеттерин талкуулашат.

Мындан тышкары, тегерек столдун катышуучулары компетенттүүлүк негизде окутуу жана жумуш ордунда окутуу боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруу, көндүмдөрдү валидациялоо жана сертификациялоо боюнча Алдыңкы тажрыйба борборлорунун ишмердүүлүгү, кесиптик билим берүү системасынын инженердик-педагогикалык кызматкеринин потенциалын жогорулатуу жана социалдык өнөктөштүк тууралуу маселелерди карашууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер