Alatoo Hub Battle – 2026: студенттик стартаптардын ири таймашы
- 23.02.2026
- 0
“Ала-Тоо” Эл аралык университети (АЭУ) Alatoo Hub Battle – 2026 студенттик стартаптар боюнча чемпионат үчүн арыздарды кабыл алууну баштаганын жарыялайт жана студенттерди катышууга чакырат.

Alatoo Hub Battle – студенттик ишкерликти жана стартап экосистемасын өнүктүрүүгө багытталган чемпионат. Иш-чара ар кандай университеттердин студенттерин, ишкерлерди, инвесторлорду жана рыноктун эксперттерин бириктирип, катышуучуларга каржылоо жана эксперттик колдоо алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Катышуу үчүн талаптар:
• Команданы түзүп, стартап идеяны иштеп чыгуу;
• Баалуулук сунушун жана максаттуу аудиторияны аныктоо;
• Жумушчу MVP (минималдуу иштей турган продукт) түзүп, сыноо;
• АЭУда стартап-тренингден өтүү;
• Долбоордун презентациясын даярдоо.
Кимдер катыша алат:
• Бакалавриат жана магистратура багытындагы студенттер;
• 2-5 адамдан турган командалар;
• Алдын ала инвестиция же грант албаган прототиптери бар долбоорлор;
• Багыттар: EdTech, FinTech, AgriTech, HealthTech, CyberTech, Robotics, BioTech, GameTech, IndustrialTech.
Финал 2026-жылдын 8-апрелинде “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде (Тунгуч кчр., Анкара көч. 1/8) өткөрүлөт. Тандалган 20 команда беш номинация үчүн күч сынашат. Ар бир номинациянын жеңүүчүсүнө 1000 АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо каралган.
Жеңүүчүлөр беш номинацияда аныкталат:
- Best Social Impact – адамдардын жана коомчулуктун жашоо сапатын жакшыртуучу социалдык таасири чоң стартап;
- The Most Innovative – эң оригиналдуу, технологиялык жана алдыңкы идея;
- Best AI Startup – практикалык жана масштабдуу чечимдерди жасоодо жасалма интеллектти мыкты колдонгон стартап;
- Outstanding Pitching – эң ишенимдүү, профессионалдуу жана шыктандыруучу презентацияга ээ команда;
- Exponential Growth – эң жогорку өсүү потенциалы жана масштабдашырууга даяр стартап.
Арыздарды кабыл алуу 23-февралдан 15-мартка чейин hub.alatoo.edu.kg порталы аркылуу жүргүзүлөт.
Суроолор боюнча: [email protected]
Толугураак маалымат АЭУнун расмий сайтында https://alatoo.edu.kg/ жана @alatoo.edu.kg Instagram баракчасында.
Комментарийлер