Ala-Too Publishing басма үйү ачылат

  • 24.03.2026
  • 0

“Ала-Тоо” Эл аралык университети өзүнүн 30 жылдык мааракесин белгилөөдө – бул билим берүү, илим жана маданият тармагындагы жетишкендиктерди бириктирген маанилүү этап. Мааракенин алкагында университет өзүнүн жаңы багытын – Ala-Too Publishing басма үйүнүн ачылышын өткөрөт. Салтанаттуу иш-чара 2026-жылдын 26-мартында саат 14:00дө өтөт.

Ala-Too Publishing басма үйү ачылат

Ачылыш аземинин алкагында Д. Ажемоглу жана Ж. А. Робинсондун “Кууш өтмөк” аттуу китебинин кыргыз тилиндеги котормосунун бет ачары болот. Бул басылма Ala-Too Publishing менен “Bugu” басма үйүнүн алгачкы биргелешкен эмгеги болуп саналат. Ал университеттин басма ишмердүүлүгүнүн жаңы баскычын баштап, Кыргызстанды дүйнөлүк интеллектуалдык жана адабий мейкиндикке интеграциялоого болгон умтулуусун чагылдырат.

Иш-чаранын программасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Койчиев Арслан Капайовичтин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле илим жана маданият тармагындагы алдыңкы ишмерлердин катышуусунда өтүүчү панелдик талкууларды камтыйт. Коноктор үчүн Кыргызстандын адабий жана көркөм салтынын байлыгын чагылдырган атайын маданий программа сунушталат. Иш-чара кыргыз тилинде өткөрүлөт.

Ala-Too Publishing долбоору кыргыз тилин колдоого, китеп окуу маданиятын жайылтууга жана университеттин интеллектуалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган. Студенттердин, окутуучулардын жана кеңири коомчулуктун катышуусу билим берүү жана маданий демилгелерди бекемдеп, жаш муунду илимде, искусстводо жана адабиятта жаңы жетишкендиктерге шыктандырат.

“Ала-Тоо” Эл аралык университети бардык каалоочуларды салтанаттуу ачылышка чакырат. Бул иш-чара жаңы маданий борбордун бир бөлүгү болууга жана маанилүү окуянын кубанычын бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Катышуу аркылуу сиз жаңы басма долбоору менен таанышып гана тим болбостон, интеллектуалдык жана маданий чөйрөнүн өзгөчө атмосферасына сүңгүп, университеттин тарыхынын бир бөлүгүнө айланасыз.

 

Өтүүчү жери: А блок, “Конья” залы, “Ала-Тоо” Эл аралык университети, Анкара көчөсү 1/8.

Байланыш үчүн: +996 (550) 571 632.

Бөлүшүү

Комментарийлер