ALA-TOO PUBLISHING: АЭУ КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ БОЛУП ӨЗҮНЧӨ БАСМА ҮЙҮН АЧТЫ

  • 01.04.2026
  • 0

“Ала-Тоо” Эл аралык университети өзүнүн 30 жылдык мааракесин белгилеп жатат – бул окуу жайдын билим берүү, илим жана маданият жаатындагы жетишкендиктерин чагылдырган маанилүү баскыч. Мааракеге карата университет академиялык жана интеллектуалдык чөйрөнү чыңдоого багытталган бир катар масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдө. Алардын ичинен эң маанилүүсү – 2026-жылдын 26-мартында өткөрүлгөн Ala-Too Publishing басмаканасынын салтанаттуу ачылыш аземи болду.
Иш-чаранын алкагында “Кууш өтмөк” китебинин кыргызча котормосунун бет ачары өттү. Бул эмгек – Ala-Too Publishing менен “Bugu” басма үйүнүн алгачкы биргелешкен эмгеги. Университеттин ишмердүүлүгүнүн жаңы этабын символу болуп, Кыргызстанды дүйнөлүк интеллектуалдык жана адабий мейкиндикке интеграциялоо максатын чагылдырат.
Иш-чарага бир катар сыйлуу коноктор катышты, алардын катарында – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков, котормочу жана “Bugu” басма үйүнүн редактору Айнуру Булекбаева, “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун директору Роза Кайыкова, Кыргыз Республикасынын ардактуу мугалими Гапыр Мадаминов, ошондой эле мамлекеттик органдардын, дипломатиялык миссиялардын, эл аралык уюмдардын, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

ALA-TOO PUBLISHING: АЭУ КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ БОЛУП ӨЗҮНЧӨ БАСМА ҮЙҮН АЧТЫ
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев өз сөзүндө дүйнөлүк интеллектуалдык чыгармаларды кыргыз тилине которуунун маанилүүлүгүн белгиледи:
“Менин оюмча, алдыңкы ойчулардын идеялары кеңири аудитория жеткиликтүү болушу керек жана дүйнөлүк адабияттарды системалуу которуу демилгелеринин болушу кубандырат. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, “Ала-Тоо” университетинде өзүнчө басма үйүнүн ачылышы улуттук интеллектуалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө салым кошо турган маанилүү кадам болуп эсептелет. Университетти ушул маанилүү жана тарыхый окуя менен куттуктайм”.
Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков сөз сүйлөп, Ala-Too Publishing’дин ачылышы билим берүү чөйрөсү жана китеп окууну жайылтуу үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи. Ал дүйнөлүк бестселлерди кыргыз тилинде чыгаруу жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын жана глобалдык идеяларга жана өлкөнүн келечегине кызыгууну өстүрөрүн баса белгиледи.

ALA-TOO PUBLISHING: АЭУ КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ БОЛУП ӨЗҮНЧӨ БАСМА ҮЙҮН АЧТЫ
Нобель сыйлыгынын лауреаттары жана китептин авторлору ар кандай башкаруу формалары – демократия жана авторитаризм – өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө кандай таасир этерин кеңири баяндашат. Авторлор эң жакшы натыйжалар мамлекет жана жарандык коом тең салмакта өнүгүп, “кууш өтмөктө” кыймылдаганда гана жетишиле турганын түшүндүрүшөт. Эгер алардын бири үстөмдүк кылса же артта калса, бул эркиндикке жана туруктуулукка терс таасир тийгизет.
Китептин авторлорунун бири Джеймс Робинсон видео аркылуу билдирүү жасап, өзүнүн эмгегине кызыгуу көрсөткөнү үчүн жана кыргыз тилине которулгандыгына “Ала-Тоо” Эл аралык университетине жана “Bugu” басма үйүнө ыраазычылыгын билдирип, университеттин келе жаткан 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Китепти кыргызча Айнуру Булекбаева которгон. Котормого жогорку жоопкерчилик менен мамиле кылганын белгиледи. Анын айтымында, китеп терең жана көп кырдуу мүнөзгө ээ болуп, окурманды коомдук процесстерди ар тараптуу талдоого үндөйт.

ALA-TOO PUBLISHING: АЭУ КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ БОЛУП ӨЗҮНЧӨ БАСМА ҮЙҮН АЧТЫ
АЭУнун ректору, э.и.к., доцент Назира Эсеналиева басмакананын ачылышы университет үчүн тарыхый окуя экенин, котормо ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө жана дүйнөлүк адабиятты Кыргызстанда жайылтууга маанилүү салым экенин белгиледи.
Программанын алкагында коомдук ишмер Эмиль Каптагаев, филология илимдеринин доктору Венера Акматова жана китептин саясий редактору Эмилбек Жороев катышкан пленардык жыйын өттү. Катышуучулар чыгарманын негизги идеяларын талкуулап, андан соң аудитория менен суроо-жооп сессиясы уюштурулду.
Иш-чараны жыйынтыктап, АЭУнун Ж. Каниметов атындагы илимий китепканасынын жана Ala-Too Publishing басма үйүнүн директору Жаныбек Абидетегин Ala-Too Publishing’дин ишмердүүлүгүнүн максаты – коомчулукка интеллектуалдык жана академиялык билимди жеткирүү, китеп окуу маданиятын жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү экенин белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер