“Ала-Тоо” Эл аралык университетинин командасы эл аралык сынакта жогорку жыйынтык көрсөттү

  • 16.02.2026
  • 0

2026-жылдын 6-8-февралында Ташкент шаарында эл аралык укук жаатындагы эң абройлуу мелдештердин бири – Philip C. Jessup International Law Moot Court Competition сынагынын улуттук этабында  “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин командасы 2-орунду ээлеп, “Runner-Up Team” наамына ээ болсо, команданын бир мүчөсү Диана Сабырбекова эң мыкты оозеки баяндамасы үчүн «Best Oralist» жеке сыйлыгына татыды.

“Ала-Тоо” Эл аралык университетинин командасы эл аралык сынакта жогорку жыйынтык көрсөттү

Бул жетишкендик – көп айлык тынымсыз даярдыктын, терең аналитикалык иштин, сансыз машыгуулардын жана күчтүү командалык колдоонун жыйынтыгы.
Команданын курамына эл аралык жана бизнес укук кафедрасынын студенттери:  Миржан Санирабига – команданын лидери, Дуйшекеева Маиза, Сабырбекова Диана,  Асекова Айпери,  Мейманбекова Алтынай кирди.

Philip C. Jessup конкурсуна катышуу жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыкты, эл аралык коомдук укук боюнча терең билимди, ошондой эле оозеки таймаш жана юридикалык жазуу көндүмдөрүн талап кылат. АЭУнун командасы укуктук аргументацияны ишенимдүү колдонуп, сабырдуулугун жана академиялык маданиятынын жогорку деңгээлин көрсөтө алды.

 

“Ала-Тоо” Эл аралык университетинин командасы эл аралык сынакта жогорку жыйынтык көрсөттү

Ошондой эле окуу жайдын эл аралык жана бизнес укук кафедрасынын студенти Диана Сабырбекова «Best Oralist» сыйлыгына татып, университеттин тарыхында Jessup улуттук раунддарында аталган сыйлыкка татыктуу болгон алгачкы студент болду.

Best Oralist сыйлыгы — жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү, эл аралык коомдук укукту терең түшүнүүнү, так жана ишенимдүү укуктук аргументацияны, ошондой эле калыстар тобунун суроолоруна ишенимдүү жана татыктуу жооп берүүнү көрсөтө алган катышуучуга ыйгарылат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер