Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди
- 21.03.2026
- 0
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында 21-март күнү Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.

МинКаб Төрагасы борбор калаанын тургундарын, конокторду жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрүн Нооруз майрамы менен куттуктап, бул майрам аруулуктун, жаңылануунун жана биримдиктин символу экенин белгиледи. Анын айтымында, Нооруз улуттук чек араларды тааныбаган, тынчтыкты, ынтымакты жана элдердин достугун даңазалаган байыркы майрамдардын бири болуп саналат.
Куттуктоо сөзүндө өлкөнүн акыркы жылдардагы жетишкендиктери да белгиленди. Айтылгандай, 2025-жылы Кыргызстан мамлекеттик чек араларын толугу менен тактап, бул мамлекеттүүлүктүн маанилүү жетишкендиктеринин бири болуп калды. Ошондой эле экономикалык көрсөткүчтөр өсүп, ички дүң продукт 2 триллион сомго жакындап, мамлекеттик бюджет 1 триллион сомдон ашкан.
Адылбек Касымалиев социалдык жана экономикалык багыттагы иштерге да токтолду. Анын маалыматына ылайык, 2026-жылы айыл чарбасын өнүктүрүүгө 38,5 миллиард сом бөлүнүп, 500 миңдей дыйкан колдоого алынат. Мындан тышкары, жыл сайын 100дөн ашуун өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 200дөн кем эмес социалдык объект курулуп жатат.

Ошондой эле турак жай программалары кеңейтилип, алгачкы төлөмүсүз 25 жылдык ипотекалык мүмкүнчүлүктөр сунушталууда. Быйыл өлкө боюнча 20 миңге жакын үй-бүлө турак жай менен камсыз болору күтүлүүдө.
Балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо да мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. 2026-жылдын 1-июнунан тарта 3 жашка чейинки бардык балдарга кирешесине карабастан ай сайын берилүүчү “Бала ырысы” жөлөкпулу киргизилет. Мындан тышкары, “Балага сүйүнчү” төлөмү да сакталат.
Мындан сырткары, 2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылары белгиленип, бул өзгөрүү болжол менен 200 миң кызматкерге таасир этери айтылды.
Майрамдык иш-чара масштабдуу маданий программа менен коштолду. Аянтта боз үйлөр тигилип, улуттук тамак-аштар, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү жана кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган концерттик номерлер тартууланды.
Нооруз майрамы борбор калаада элдин кеңири катышуусунда шаңдуу маанайда белгиленди.




Комментарийлер