“АКЫЛМАН” – КЕЛЕЧЕКТИН ЛИДЕРЛЕРИН ДАЯРДАГАН ЛИЦЕЙ
- 01.04.2026
- 0
Учурда 2026–2027-окуу жылына карата жалпы билим берүү уюмдарынын 6–7-класстарынын окуучулары арасында “Акылман” президенттик лицейине тандоо жүрүүдө. өзгөчө зээндүү окуучулар тандалып алынып, Чолпон-Ата шаарындагы башкы лицейде, ошондой эле Манас жана Талас шаарларындагы жаңы ачыла турган филиалдарда билим алууга мүмкүнчүлүк алышат.
2026-2027-окуу жылынан тарта “Акылман” президенттик лицейинин филиалдары Манас жана Талас шаарларында да ачылат. Буга байланыштуу Чолпон-Ата, Манас жана Талас шаарындагы филиалдарына 7-класска, Манас жана Талас шаарына 8-класска окуучулар тандалат.
Кабыл алуу 3 турдан турган конкурстук тандоонун негизинде: 1-2-тур онлайн тестирлөө форматында synak.akylman.edu.kg сайты аркылуу, ал эми 3-тур офлайн тестирлөө аркылуу ар бир облустун борбор шаарында жеринен өткөрүлөт.
6-класстарды 7-класстарга кабыл алуу 14-апрелден 10-майга чейин, 7-класстарды 8-класска кабыл алуу 28-майдан 24-июнга чейин жүргүзүлөт.
Окуу жайдын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Азирет Асанов лицейде билим алууну каалагандар көп экендигин баса белгилеп, 1-11-класска чейинки окуучулар да жазып жатканын кошумчалады. Алар “Быйыл эле ала бергилечи”, “8-класста кайра окусам болобу” деген билдирүүлөрдү жазышууда.

КОНКУРСТУК ТАНДООГО КИМДЕР КАТЫША АЛАТ?
2025-2026-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 6- же 7-классында окуп жаткан Кыргыз Республикасынын жараны болуусу керек. Ошондой эле “жакшы”, “эң жакшы” деген бааларга окуусу абзел. Учурдагы класстын 1-2-3-чейрек боюнча жетишүү табели да каралат.
Эскертүү: учурда 5-класста (12 жылдык программа боюнча, 6-класстын программасын кошуп) билим алып жаткан окуучулар кабыл алуу сынагына быйыл катыша албайт. Алар 2027-2028-окуу жылында 7-класстын базасы менен сынакка катышууга болот.
Окуучуларды кабыл алууда окуучунун үй-бүлөлүк жана социалдык абалы эске алынбайт.
ОКУТУУ СИСТЕМАСЫ
STEAM багытындагы билим берүү, IT технологиялары, гуманитардык жана профилдик билим берүү окутуунун негизги багыттары болуп саналат. Окутуу эки тилде жүргүзүлүп, так илимдер – математика, физика, химия, биология, информатика жана башка предметтер англис тилинде окутулат. Ал эми гуманитардык сабактар – тарых, география, кеп маданияты, музыка, мурас, комуз жана көркөм өнөр сабактары кыргыз тилинде.
Мындан тышкары окуучулар кыргыз элинин маданиятын жана тарыхын терең үйрөнүүсү үчүн окуу программасына мурас предмети киргизилген.
Лицейде окуучулардын өнүгүүсү атайын иштелип чыккан өнүгүү жол картасы аркылуу жүргүзүлөт. Бул система окуучулардын ар бир класста кандай билим жана көндүмдөрдү өздөштүрүшү керектигин аныктайт.
7-класста окуучулардын жаңы билим берүү чөйрөсүнө адаптацияланып, тил билүү деңгээлин жогорулатууга, окуу маданиятын калыптандырууга жана STEAM билим берүү системасы менен таанышууга басым жасалат.
8–9-класстарда окуучулар илимий-долбоордук иштерди жүргүзүп, жергиликтүү жана эл аралык олимпиадаларга катышууга даярданышат. Ошондой эле бул этапта окуучулардын кесиптик багытын аныктоого өзгөчө көңүл бурулат.
10-класста окуучулар профилдик билим берүү системасына өтүп, өздөрүнүн кызыгуусуна жараша так же табигый илимдер, же социалдык-гуманитардык багыттар боюнча билим алышат. Мындан тышкары алар эл аралык стандарттык тесттерге даярдык көрүшөт.
Окуучулардын билим деңгээлин баалоо үчүн CGPA (Cumulative Grade Point Average) системасы колдонулат. Мында окуучунун ар бир предметтен алган баасын предметтин сааттык жүктөмүнө көбөйтүү аркылуу жалпы орточо көрсөткүчтү эсептөөгө мүмкүндүк берет.

Окуучулардын жетишкендиктери
Учурда лицейде жалпы 264 окуучу: 133 кыз, 131 эркек бала билим алууда.
Лицейде сапаттуу билим алуу менен катар окуу жайдагы 28ийримге катышып, өздөрүнүн чыгармачылык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүшөт.
Окуучулар математика, информатика, биология, киберкоопсуздук жана башка илимий багыттар боюнча өткөрүлгөн эл аралык олимпиадаларда медалдарга жана сыйлыктарга ээ болуп келишет.
Маселен, 2025-2026-окуу жылында эле 13 эл аралык олимпиадага катышып, алтын коло, бир күмүш жана алтын медаль, ошондой эле дүйнөлүк финалга жолдомолорду жеңип алышкан. Мындан сырткары, АКШ, Индонезия, Казакстанда өткөн интеллектуалдык иш-чараларга да катышып келет.
Ошондой эле “Балауса жулдыздары”, “Lux Kids Stars”, Узоры Азии” эл аралык сынагында гран-прини жеңсе, Эл аралык авиа моделдөө жана Robotek Grand Tournament эл аралык сынагында 1-2-орунду багындырган.
ЗАМАНБАП ШАРТТАР
Лицейде окутуу акысыз жүргүзүлүп, баары мамлекет тарабынан камсыздалат. Окуучулар жатакана менен камсыз болуп, күнүнө үч маал ысык тамак жана эки маал жеңил тамак берилет. 24/7 күн бою медициналык кызмат көрсөтүлүп, форма, планшет, санариптик окуу материалдары берилет.
Жалпы аянты 4,7 гектарды түзгөн лицейде 15 окуу кабинети, 8 лаборатория, медициналык кабинет, жыйындар залы, спорт комплекси, ашкана, жатакана, ошондой эле мугалимдер үчүн турак жай имараттары да жайгашкан.
Бардык окуу кабинеттер заманбап интерактивдүү панелдер, ноутбуктар жана санариптик технологиялар менен жабдылган. Робототехника лабораториялары, 3D принтерлер, VR технологиялары жана подкаст студиясы сыяктуу инновациялык жабдуулар колдонулат.

Эл аралык кызматташтык
Учурда лицей дүйнөлүк алдыңкы жогорку окуу жайлары жана эл аралык алдыңкы билим берүү мекемелери менен кызматташууда.
Мындан тышкары, University of Toronto тарабынан уюштурулган Lester B. Pearson эл аралык грант программасына катышуу мүмкүнчүлүгүн алган. Бул программа аркылуу лицейдин окуучулары дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Жыйынтыктап айтканда, “Акылман” Президенттик лицейи Кыргызстандагы инновациялык билим берүү моделин ишке ашырып, окуучуларды дүйнөлүк деңгээлдеги атаандашууга жөндөмдүү кылып тарбиялоого багытталган билим берүү мекемеси болуп саналат.
Лицей окуучулардын интеллектуалдык, маданий жана руханий жактан өсүп- өнүгүүсүнө шарт түзүү менен, мамлекеттин келечегине салым кошо турган жаңы мундагы лидерлерди тарбиялоону максат кылат.
Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”







Комментарийлер