“АКЫЛМАН” – ЗАМАНБАП БИЛИМДИН ОРДОСУ

  • 03.04.2025
  • 0

1-апрелден тартып “Акылман” президенттик лицейинде 2025-2026-окуу жылына карата сынактык тандоо жүрүүдө. Ага республикадагы бардык мектептерде билим алып жаткан 6-класстын окуучулары катыша алат. Сынак 14-апрелге чейин уланат.

“АКЫЛМАН” –  ЗАМАНБАП БИЛИМДИН ОРДОСУ

2023-2024-окуу жылында окуу жайга алгачкы кабыл алуу көз карандысыз Билимди баалоо жана окутуу усулдар борбору тарабынан жүргүзүлүп, 7-класска 75 окуучу, 9-класска 48 окуучу кабыл алынган. Ал эми 2025-2026-окуу жылына карата 72 гана 7-класстын окуучусу кабыл алынат.

Конкурстук тандоо үч этап менен өтөт. Тактап айтканда, 1-тур: 18-19-апрелде, test.akylman.edu.kg сайты аркылуу онлайн форматта жүргүзүлсө, 2-тур: 23-24-апрелде дал ушул сайт аркылуу онлайн форматта өтөт. Ал эми конкурстук тандоонун 3-туру 1–8-майга чейин ар бир облуста жеринен өткөрүлөт.

Баткен облусундагы талапкерлер үчүн 1-майда Кызыл-Кыя шаарында, Ош облусундагы жана Ош шаарындагы талапкерлер үчүн 2-майда Ош шаарында, Жалал-Абад облусундагы талапкерлер үчүн 3-майда Жалал-Абад шаарында, Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы талапкерлер үчүн 4-майда Бишкек шаарында, Талас облусундагы талапкерлер үчүн 5-майда Талас шаарында, Нарын облусундагы талапкерлер үчүн 7-майда Нарын шаарында, Ысык-Көл облусундагы талапкерлер үчүн 8-майда Каракол шаарында саат 14:00дө өткөрүлөт.

Сынак кайсы мектепте өтө тургандыгы лицейдин кабыл алуу боюнча телеграм каналдары аркылуу алдын ала кабарланат.

Лицейде окутуу процесси Кембридж системасынын окуу-методикалык комплексин колдонуу аркылуу жүргүзүлөт. Бирок алдыда билим берүүдөгү алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны улуттук баалуулуктарга интеграциялоо жолу менен өздүк окутуу системасын иштеп чыгуу окуу жайдын негизги максаты.

Окуу жайда окутуу процессинин негизги багыттары STEAM жана гуманитардык болот. Окуучуларды окутуу эки тилде ишке ашырылат – так илимдер: химия, физика, биология, математика, геометрия, дүйнөлүк багыттар жана долбоордук иштер, информатика сабактары англис тилинде өткөрүлсө, гуманитардык илимдер: география, тарых, укук негиздери жана музыка, көркөм өнөр сабактары кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Ошондой эле, улуттук баалуулуктарды окуучуларыбызга сиңирүү максатында, МУРАС предмети киргизилген.

ОКУУЧУЛАРДЫН КУРАМЫ

Учурда лицейде жалпы 194 окуучу билим алууда. 7-класстан үч, 8-класстан үч, 9-класстан эки класс комплектиси бар. 7-класстын окуучуларынын саны 75 болсо, 8-класста 71, 9-класста 48 окуучу билим алууда. Алардын ичинен 100ү кыз бала, 94 эркек бала. Окуучулардын аймактык курамы боюнча: Ош облусунан 43, Жалал-Абад облусунан 30, Бишкек шаарынан 29, Ысык-Көл облусунан 25, Баткен облусунан 26, Нарын облусунан 14, Талас облусунан 11 окуучу бар.

Ал эми быйылкы окуу жылына карата ар бир облуска бештен квота бөлүнүүдө.

“АКЫЛМАН” –  ЗАМАНБАП БИЛИМДИН ОРДОСУ

АКАДЕМИЯЛЫК ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Окуу жайда билим алып жаткан окуучулар облустук да, эл аралык да сынактарга активдүү катышып, байгелүү орундарды ээлеп келет. Алсак,

Тайландда өткөн математика боюнча эл аралык онлайн олимпиадада үч окуучусу коло утуп, Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинде өтө турган олимпиадага катышууга жолдомо утуп алышты. Математика боюнча эл аралык онлайн International Mathematics Competition (IMC) олимпиадада да жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушкан. АКШдагы Art of Solution Alcumus инновациялык онлайн окутуу системасында Кыргызстандын 26 мектеби менен катышып, ТОП-5ке кирген.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган республикалык олимпиаданын райондук этабында орус тили жана адабияты боюнча 1-орунду, кыргыз тили жана адабияты боюнча 3-орунду, англис тили жана адабияты боюнча биринчи жана үчүнчү орунду ээлешти. Олимпиаданын облустук этабында орус тили жана адабияты боюнча 5-орунду камсыздашты. Белгилей кетчү өзгөчөлүк — 7-класстын окуучулары аталган олимпиадада 9, 10, 11-класстардын окуучулары менен күрөшүшкөн.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз-Швед математика мектеби тарабынан уюштурулган IV олимпиадада бир окуучу 3-орунду, Cambridge UWIS мектеби тарабынан уюштурулган Бишкек шаарында өткөрүлгөн робототехника боюнча республикалык мелдеште 2-орунду камсыздашкан. Бир гана окуучусу төрт предметти камтыган, тактап айтканда, физика, химия, биология, математика предметтери боюнча эл аралык IJSO олимпиадасынын 2-турунан 1-орунду ээлеп, учурда финалдык турга даярдык көрүүдө.

“АКЫЛМАН” –  ЗАМАНБАП БИЛИМДИН ОРДОСУ

Мындан сырткары, окуучулар үчүн лицейде комуз, кол өнөрчүлүк, чопо менен иштөө, хореография, хор-вокал, актёрдук чеберчилик, шахмат, тогуз коргоол, футбол, волейбол, баскетбол, корей тили, жапон тили күрөш, байдарка, робототехника, компьютердик сабаттуулук, теннис ж.б. сыяктуу жыйырма чакты ийрим бар. Окуучулар бул ийримдерге катышуу менен гана чектелбестен, жергиликтүү жана эл аралык сынактарда да өз күчүн сынап, байгелүү орундарды багындырууда.

“АКЫЛМАН” –  ЗАМАНБАП БИЛИМДИН ОРДОСУ

ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН БАРДЫК
ШАРТТАР КАРАЛГАН

“Акылман” президенттик лицейинин окуучуларына жана кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен бардык шарттар түзүлгөн. Аларга акысыз жатакана курулган, ар бир бөлмөдө үч окуучу жашайт. Алардын ыңгайлуу жашоосу жана эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Окуучуларга жана кызматкерлерге үч маал ысык тамак жана эки маал жеңил тамак берилет. Ар бир окуучу атайын мектеп формасы менен камсыз болот. Ошондой эле окуу процессине керектүү программалар жана окуу китептери жүктөлгөн заманбап планшеттер бар. Мындан сырткары, ар бир окуучу окуу-методикалык комплекстери менен дагы толук камсыздалган.

 

 

 

Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер