АКТАН УРАН УУЛУ ГРЭППЛИНГ БОЮНЧА БОРБОР АЗИЯ ЧЕМПИОНУ

  • 28.02.2024
  • 0

Жакында эле 23-25-февраль күндөрү Бишкек шаарындагы «Стронг» спорт аренасында  Грэпплинг жана эрежесиз эр таймашы ММА  боюнча Борбор Азиянын ачык чемпионаты курч мүнөздө өттү.  Мында Бишкек   шаарындагы «Аlay Team» спорт клубунун  өкүлү Актан Уран уулу  57 килограмм салмакта грэпплинг боюнча чондор арасындагы таймаштарында  биринчи орунду ээлеп, Борбор Азия чемпиону аталып,  чемпиондук кур менен сыйланды.

АКТАН  УРАН УУЛУ  ГРЭППЛИНГ БОЮНЧА БОРБОР АЗИЯ ЧЕМПИОНУ

 Уран уулу Актан 2003-жылы 19-ноябрда Чүй облусунун  Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында төрөлгөн. Азыркы учурда Кыргыз улуттук агрардык университетинде 2-курсунун студенти. Буга чейин Бишкек шаарындагы 100-кесиптик-техникалык лицейде билим алган.

Спорт дүйнөсүнө жол ачкан алгачкы устаты Данияр Аргалиев болуп саналат. Үч жылдан бери эрежесиз эр таймаш ММА жана грэпплинг машыгып, учурда бир жылга чукул убакыттан бери Бишкек шаарындагы  «Аlay Team» клубунда   жиу-жутсу менен машыгып жүрөт.

Актандын спорттук ийгиликтери:

  2022-жылы UWW Кыргызстандын грэпплинг боюнча чемпионатында 3-орунду ээлеп, коло байге уткан.

2022-жылы грэпплинг Нага федерациясынын Кыргызстан боюнча чемпиону болгон.

2023-жылы Казакстандын борбору Астана шаарында UWW грэпплинг боюнча  Азиянын ачык  чемпионатында 3-орунду камсыз кылган.

2023-жылы  Ташкент шаарындагы Эрежесиз эр таймаш боюнча Akermann fighting championship ММА турниринде баш байгени утуп, чемпион аталган.

2022-2023-жылдары грэпплинг боюнча «Рearl of Kyrgyzstan»

Эл аралык фестивалда 2-3-орундарды ээлеген.

2023-жылы Алматы шаарындагы

 «Samurai open» Эл аралык  турниринде да коло байге уткан.

2023-жылы декабрда Россиянын Санкт-Петербург шаарында жаштар арасындагы Acbjj дүйнө чемпионатында финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

2024-жылы Бишкектеги «Efc contenders» Борбор Азия ачык чемпионатында биринчи орунду ээлеп, чемпион аталды.

Ошондой эле Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусттарда өткөн мелдештерде баш байгелердин ээси болгон.

Грэпплинг боюнча  Кыргызстандын Кубогунда биринчи орунду ээлеген.

Жана башка көптөгөн турнирлердин жеңүүчүсү болуп саналат.

Келечегинен үмүткөр кылган «Аlay Team» спорт клубунун  өкүлү Актан Уран уулуна жеңиштерди, ийгиликтерди каалайбыз.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы

Бөлүшүү

Комментарийлер