«Акселераторлор», оптимизация, ваучер, кредиттер. Бала бакча ачууга мамлекеттик колдоо көбөйдү

  • 24.07.2024
  • 0

Кыргызстанда балдарды бала бакча менен камсыз кылуу 28,3 пайызга жетти, бул өткөн жылга караганда 2 % көп. Бул жөнүндө билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева жарым жылдын жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында билдирди. Бул өнүгүү жаңы бала бакчаларды ачуунун, өкмөттүк акселераторлор программасынын, көп имараттарды оптималдаштыруунун жана аймактык реформалардын натыйжасында мүмкүн болду.

Министрдин айтымында, пайыздык көрсөткүч 30 пайызга да чыккан болушу мүмкүн, анткени жеке менчик бала бакчаларга баргандардын баары эле статистикага илине бербейт.

"Акселераторлор", оптимизация, ваучер, кредиттер. Бала бакча ачууга мамлекеттик колдоо көбөйдү

"Акселераторлор", оптимизация, ваучер, кредиттер. Бала бакча ачууга мамлекеттик колдоо көбөйдү "Акселераторлор", оптимизация, ваучер, кредиттер. Бала бакча ачууга мамлекеттик колдоо көбөйдү

Министр белгилегендей, Кыргызстанда мыйзам боюнча мамлекет балдарга өнүктүрүү кызматын көрсөтөт, ал эми  баланы багуу ата-эненин өзүнүн мойнунда болот.

Министрдин айтымында, 248  китепкананын базасында атайын балдарды эрте өнүктүрүү борборлору иштеп жатат. Ошондой эле “Энелер мектеби” демилгесинин алкагында ачылган 60 ашык борборго 6000 ашык бала тартылган.

"Акселераторлор", оптимизация, ваучер, кредиттер. Бала бакча ачууга мамлекеттик колдоо көбөйдү

Нарын шаарында оптимизация долбоорунун натыйжасында дагы 500 орун табууга мүмкүн болду

Бала бакча ачууга лицензиялык тоскоолдук жоюлгандан бери жаңы бакча ачуу кабарлоо жолу менен гана ишке ашууда. Лицензия жоюлгандан кийин кабарлоо жолу менен 52 бала бакча ачылды.

"Акселераторлор", оптимизация, ваучер, кредиттер. Бала бакча ачууга мамлекеттик колдоо көбөйдү

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бала бакча ачууга жеңилдетилген кредит берилген жатат. Кредит жылдык он пайызы менен беш жылга берилет.

"Акселераторлор", оптимизация, ваучер, кредиттер. Бала бакча ачууга мамлекеттик колдоо көбөйдү

Иштеп жаткан бала бакчаларды оптималдаштырып, трансформер керебеттерди коюу — балдарга орундарды көбөйтүүнүн эң жакшы ыкмасы болуп колго алынууда.

“Типтүү бала бакчаларды оптималдаштыруу долбоору Бишкек шаарында ийгиликтүү ишке ашууда. Трансформациянын негизинде 147 миң балага кошумча орун түзөлү деген амбициялык планыбыз бар”, — деди министр.

Алыскы айылдагы балдарды бала бакчага максаттуу түрдө  тартуу үчүн ваучердик системаны киргизүү колго алынууда.

"Акселераторлор", оптимизация, ваучер, кредиттер. Бала бакча ачууга мамлекеттик колдоо көбөйдү

Мындан сырткары, көп кабаттуу үйлөрдүн астында балдар бакчасы, балдарды өнүктүрүү борбору болсун деген милдеттүү талап коюлууда. Аймактык-административдик реформанын натыйжасында бошогон имараттарда биринчи кезекте бала бакчалар ачылууда.

«Бизге коюлган тапшырма боюнча жыл аягына чейин биз кенже курактагы балдарды өнүктүрүү кызматын 26 пайыздан 40 пайызга чейин жеткиришибиз керек. Жыл аягына чейин 113 миң баланы биз мектепке чейинки өнүктүрүү кызматына тартышыбыз керек»,-деди Догдургүл Кендирбаева. (КС)

"Акселераторлор", оптимизация, ваучер, кредиттер. Бала бакча ачууга мамлекеттик колдоо көбөйдү "Акселераторлор", оптимизация, ваучер, кредиттер. Бала бакча ачууга мамлекеттик колдоо көбөйдү

Бөлүшүү

Комментарийлер