АКАДЕМИК ҮСӨН АСАНОВДУН ЖАШОО МОДЕЛИ

  • 23.01.2019
  • 0

Атактуу академик жана көрүнүктүү коомдук ишмер 26-январда 85 жашка толот

АКАДЕМИК ҮСӨН АСАНОВДУН  ЖАШОО МОДЕЛИ

 

Окумуштуу Үсөн Асанов жөнүндө ойлогондо, биринчи иретте, акын Молдо Багыштын төмөнкү даанышман саптары эске түшөт: “Тоо суусундай шаркырап, токтобостон агып өт, өзгөлөрдү туурабай, өзүнчө чыйыр салып өт, чырак болуп жангының, тапкын сен издеп жаңыны, таптабай жолдун даңгырын”.

Молдо Багыш бу жарыкчылыкта жашоонун маанисин, өмүрдүн маңызын, тузун адамдын бу дүйнөгө өзүнүн башкаларга окшобогон чыйырын салышынан, жекече индивидуалдуу изин түшүрүп өтүшүнөн көргөн. Албетте, Молдо Багыштын бул терең осуяты чыныгы азамат, күжүрмөн, күрөшчүл адамга, личность-инсанга карата айтылып жатат. Оригиналдуу, өзүнчө жолду таап күн кечирүү катардагы Эшмат, Ташматтардын колунан оңой менен келчү иш эмес.

Мурдагы даяр жолдун даңгырын таптабай, өзгөлөрдү туурабай, өзүнчө чыйыр салуу өзгөчө, илим тармагында бөтөнчө курч жана өтө актуалдуу маселе. Жашоонун маңызы эмнеде деп Үсөн Асановдон сурашканда, ал “ачылыштарды жасоодо” деп жооп бериптир. Демек, терең карай келсек, Үсөн Асанов да залкар акын Молдо Багыштын духунда ойлонгон инсан экен. Илим үчүн, демек, коом үчүн ачылыш жасоо – илимпоздун өмүр-жашоосунун тузу, миссиясы ушунда экен. Мынакей, чечкиндүү, олуттуу жана максималисттик философия.

Суроо туулат. Эми ушул философиясын Ү.Асанов турмушта жүзөгө ашыра алдыбы?

 

ХИМИЯ ИЛИМИНДЕГИ ЖАҢЫ БАГЫТ, ЖАҢЫ АЧЫЛЫШ! ЖЕ МОСКВАЛЫК ЭКСПЕРТТЕРДИ “ЧӨГӨЛӨТКӨН” КЫРГЫЗ ИЛИМПОЗУ

Илимде белгисиз нерсени издөө, илим айдыңына өзүнүн жекече жолун табуу, жекече изин түшүрүү ышкы-кумары, өзүнүн табылгасын табууга, жаңылыгын жаратууга умтулуу – те жаш чагынан илимий лабораторияга баш бакканынан тарта эле Үсөн Асановдун окумуштуулук изденүүлөрүнүн башкы пафосу, негизги лейтмотиви болуп калган. Дал ушундай илимде инновацияга, жаңылыкка ориентация жасап, көшөргөн изденүүлөрдүн өзү, акыры жүрүп өткөн кылымдын 70-жылдарында Ү.Асановду жаңы ачылыштарды жасоого алып келип, мунун натыйжасында, кыргыз илимпозунун ысымы кыргызстандык жана союздук академиялык чөйрөгө дүңгүрөп угулган.

Ал илимий ачылыштын маңызы мында болгон.

1950-1960-жылдар аралыгында алыскы Нарындан барып, Москвадагы Д.И.Менделеев атындагы химиялык-технологиялык институтун бүтүрүп, андан соң ошол эле Москвада аспирантурадан окуп, дүйнөлүк илим-билимге, европалык маданиятка каныгып, көп өтпөй кандидаттык диссертациясын жактап, анан Фрунзеде Кыргыз ССР илимдер академиясынын органикалык эмес жана физикалык химия институтунда күжүлдөп иштеп жаткан, көөдөнү энергияга, көңүлү оптимизмге толгон жаш илимпоз Үсөн Асанов химия менен физиканын ашташкан жеринде жаңы илимий эксперимент жүргүзүүнү чечет.

Эксперименттин маңызы электр учкундары менен металлга таасир эткенде металлда эмне өзгөрүүлөр болуп өтөт деген маселеде турган.

Ү.Асановдун кайра-кайра жасаган эксперименттери, жүздөгөн, миңдеген тажрыйба жүргүзүүлөрү акыры келип бир чындыкты аныктайт. Металлды электр учкундары менен иштеткенде өтө бир баалуу жаңы зат, жаңы сапаттагы өзүнчө бир химиялык бирикме келип чыгып отурат. Экспериментатор Ү.Асанов көргөн көзүнө ишенбейт. Бул эмне деген шумдук. Илимде мындай нерсени мурда эч ким көрбөгөн, эч ким мындайды ачпаган, эч кимдин оюна мындай нерсе келбеген. Жаш окумуштуунун “ЕВРИКА!-МЕН ТАПТЫМ!” деп кыйкырууга акысы бар эле. Чынында эле, электр учкундарынын дүйнөгө белгисиз түзүүчүлүк, жаратмандык жашыруун сырын ачкандыгын Ү.Асанов ичинен туюнду.

Көп өтпөй кыргыз окумуштуусу Москвага чакырылат. Ү.Асановдун 1975-жылдын 21-январындагы жаңыдан ачкан илимий табылгасы жөнүндөгү доклады СССР илимдер академиясынын Президиумунда угулуп, талкууланат. Жаш илимпоздун жасаган экспериментинин натыйжасы жалаң академиктерден турган москвалык чоң эксперттер тарабынан мурда белгисиз жаңы багыт, жаңы ачылыш катары бааланат жана тастыкталат. Кыргыз окумуштуусу ачкан илимий феномен бүт Союздун окумуштууларын уу-дуу кылат.Москвалык эксперттин жыйынын алып барган химия илиминин доктору, профессор С.И. Дракин өзү: “Илимпоз Үсөн Асанович электрдик разряд процессин химиялык маселелерге баш ийдирген. Бул химия илиминдеги пионердик жумуш” деп кыргыз илимпозунун ачылышына жогорку баасын берген.

 

ЭЛЕКТР УЧКУНДАРЫ ХИМИЯСЫНЫН АТАСЫ, ДҮЙНӨЛҮК НАНОТЕХНОЛОГИЯНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮЛӨРҮНҮН БИРИ

Мына ушинтип, электр учкунунун химиясы деген илимдин жаңы багыты Кыргызстанда жаралып, бул жаңы ачылыш улуттук илимибизге сыймык, атак-аброй алып келет. Үсөн Асанов бул жаңы илимий багыттын атасы болуп калат, башкача айтканда, азыркы кездеги жаңы багыт-дүйнөлүк нанотехнология илиминин негиздөөчүлөрүнүн бирине айланат. Химия илиминдеги жаңы багыттын ачылышы жөнүндөгү сенсациялуу окуя Европа жана Азия өлкөлөрүнө желдей тарайт. Ушундан улам Үсөн Асановдун Эл аралык биография борборунун “XX кылымдын көрүнүктүү адамдары” (Англия, Кембридж) маалымдамасына киргизилиши бекеринен эмес экендигин туюнуп коёлу.

Мына ушинтип, жаш илимпоз Ала-Тоодон чоң дүйнөгө жарк этип көрүнүп, Молдо Багыш айткандай, жолдун даңгырын таптабай, илим жолунда өз чыйырын, өз изин салып, чырактай балбылдап жанды.

 

АЧЫЛЫШ АРТЫНАН АЧЫЛЫШ, ТАБЫЛГА АРТЫНАН ТАБЫЛГА, КАТАРЫ МЕНЕН КЕЛГЕН ҮЧ СЫЙЛЫК

Көп өтпөй Ү.Асановдун жогорудагы ачылышын СССРдин оор өнөр жайларында, бургулоочу техникада, металлдарды жылмалоодо, кесүүчү станоктордо жана башка тармактарда пайдалана башташат. Оор өнөр жайда карбиддер аба менен суудай зарыл. Ал эми ошол карбиддерди эң кыска жана төтө жол менен- электр учкунунун жардамы менен арзан алуунун жолун жаш окумуштуу Үсөн таап отурат. Бир сөз менен айтканда, Ү.Асановдун илимий ачылышы СССРдин эл-чарбасына миңдеген, миллиондогон кирешелерди алып келген жана бүгүн, 21-кылымда да нанотехнологиялык материалдарды өндүрүүнүн негиздеринин бири болуп калууда. Ү.Асанов илимдеги бул эрдиги үчүн 1976-жылы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланып, “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу”, “СССРдин ойлоп табуучусу” аттуу чоң наамдарга ээ болуп, 1977-жылы сүрөтү Эл чарба жетишкендиктеринин Бүткүл союздук көргөзмөсүнө илинет. Кыргыз илимпозуна илимий жетишкендиктери жана сыйлыктары үчүн Социалисттик эмгектин үч жолку баатыры, СССР Илимдер академиясынын президенти, дүйнөгө атагы чыккан академик А.П.Александров Москвадан куттуктоо катын жөнөтөт. “А.П. Александровдун бул куттуктоо катын эң кымбат мүлк катары ушу күнгө чейин сандыгымда сактап жүрөм”, — дейт бүгүн Үсөн агай сыймыктанып.

 

ҮЧ ИЛИМДИ СИНТЕЗДЕГЕН ААЛЫМ

Ачкан илимий жаңы багытынын бийик илимий авторитеттер жана эксперттер тарабынан моюнга алынышы, Өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн сый-урмат Ү.Асановдун демине дем кошуп, көңүлүнө канат бүтүрүп, илимдеги жаңы жеңиштерге шыктандырды. Андан ары Үсөн Асанов таманы кызыган күлүктөй алдыга карай арыш керди. Табылга артынан табылгаларды, ачылга артынан ачылгаларды, жаңылык артынан жаңылык жаратып отурду. Илим докторунун даражасын алды. Акыры 50дөн ашык ойлоп табуулардын автордук күбөлүгүнүн ээси болуп калды. Ошол ойлоп табуулардын бирин эле өндүрүштө колдонгон чакта, маселен, 1984-жылы Майлы-Сай электрлампа заводу 147 миң 844 сом жылдык киреше алган. Ушул бир эле мисалдан улам Ү.Асановдун жогорудагы көптөгөн ойлоп табуулары өлкөгө канчалаган кирешелерди алып келгендигин астыртан туюнуп койсок болот. Ү.Асановдун илими эң рентабелдүү илим болуп калган. Сакадай бою сары алтын илимпоз деп дал ушул Ү.Асановду айтуу керек.

Үсөн аба бүгүн ойлоп табуулардан башка 250дөн ашык илимий эмгектердин, 13 монографиянын, 20 окуу китебинин, 34 эециклопедиялык эмгектердин автору. Дагынкысы дагы бар, алар алды жакта айтылат. Анын илимий эмгектеринин тереңдигине карата айтылган бир эле баа-пикирди келтире кетели, мисалы, “Физико-химические процессы в плазме искрового разряда, создаваемого в жидких диэлектриках” (Бишкек, 2001) деген эмгеги химиктер гана эмес, физиктер үчүн да баа жеткис илимий эмгек болуп эсептелет” деп жазат окумуштуу адис, илим доктору Э.Мамбетакунов. Айтмакчы, дегеле Ү.Асанов негизи, табигый илимдерге карата жаратылышынан тубаса зор жөндөм-талант менен төрөлгөн экен. 1940-жылдардын аягында Нарындагы Токтогул атындагы орто мектепте математикадан сабак берген мугалими Сейитбек Садыков (кийин Улуттук университетте доцент болуп иштеген). Мындайча эскерген: “Мектепте да, КМУда дагы көп жылдан бери математикадан сабак берип келе жатам, бирок Ү.Асановдой таланттууну кезиктире элекмин. Мектепти алтын медаль менен бүтүргөн Асанов 10-класста окуп жүргөндө Е.Б.Виховский менен А.А.Рывкиндин “Элементардык математика боюнча жогорулатылган татаалдыктагы маселелер” аттуу китебиндеги маселелердин бирин да калтырбай, өз алдынча бүт чыгарып, мектепке алып келип берген”. Бүгүн кесиптештери Ү.Асановдун химия илимин да, математика илимин да, физика илимин да, айрыкча теориялык физиканы терең билгендигин, бир сөз менен айтканда ал табигый илимдер боюнча энциклопедиялык билимге ээ экендигин белгилешет. Көрсө, Ү.Асанов табигый кубулуштарга ар түркүн илимдердин позициясынан синтетикалуу, синхрондуу карай билет экен да, жанагынтип ийгиликтерге жетишип жаткандыгынын сыры ушул жакта жатат экен.

 

ИЛИМПОЗ ЖАНА АТУУЛ ЖЕ ТЕҢИР ТООНУН ДАЙРАСЫНДАЙ ШАР АГЫП…

Этнологдор адам мүнөзүнүн жана психикасынын түптөлүшүндө белгилүү даражада географиялык чөйрө роль ойнойт деп жазышат. Эгер ушул версияны ээрчий карасак, анда Үсөн аганын жан-жаратылышына Теңир-Тоо чөлкөмү өзүнүн “мөөрүн” аянбай баскан сыяктуу. Үсөн Асановичтин мүнөзү, жүргөн-турганы ырасында эле Теңир-Тоонун алдыга октос берип, күү-шаа түшүп, шар аккан дайраларын элестетип кетет. “Шамалдай шайдоот басып шартылдаган, жайдары качан көрсөң жаркылдаган” — деп Үсөнбек Асаналиев бекеринен жазып жаткан жок. Дагы бир бала кезден бирге өскөн курбусу, акын Эсенгул Ибраев “анда арашандай кайнап турган күч-кубат, жигер түгөнгүс. Бир тынымга жөн тура албайт, жаңы үйрөтүлгөн азоодой ойноктоп турат” — деп образдуу сөз менен туура жазган. Ага жараша агайдын жан дүйнөсү да Теңир-Тоонун табиятындай таза экенин айта өтөлү. Бу жагынан ошол эле Ү.Асаналиев “ичине кир сактабас сонун адам, дос түгүл, кастын көөнүн калтырбаган” — деп поэтикалык саптар менен Үсөн аалымга акыйкат баа берген.

Чынында эле, Үсөн Асанович күжүлдөгөн күжүрмөн духга, күчтүү коомдук темпераментке, дайыма алдыга теминип турган атуулдук-граждандык жигер-кайратка эгедер инсан. Анан калса, 20-кылымдын цивилизациясына кечөөкү көчмөн коомдон келген, тарыхый сахнага жаңыдан чыккан элдин чечилбеген көйгөйлөрү менен көкөй кести проблемалары “кара таандай” жайнап жатса, кантип тынч алып жатасың. Чачылганды жыйноо керек, үзүлгөндү улоо керек… Үсөн Асанов ушул зарылдыкты өтө курч сезген окумуштуу. Атактуу акын Некрасовдун “акын болбосоң болбо, гражданин болууга милдеттүүсүң” деген афоризминин Кыргызстандын шартында өзгөчө актуалдуу экендигин окумуштуу терең туюнуп турат. Ү.Асановдун жөн тура албагандыгынын мотивациясы ушул патриоттук философиядан чыгып жатпайбы.

Анын менталитетине кайдыгерлик, көңүлкоштук, жайбаракаттык деген нерселер таптакыр жат. Лабораториядагы илимий ишпи, лекция окуйбу, коомдук жумушпу, кызматтык милдетпи, өкмөттүк тапшырмабы, кандай гана иш болбосун ал ага бүткүл дитин берип, баш-оту менен кирип кетет. Айрыкча, анын аудиториядагы лекцияларын артистизм, көбүрүп-жабырган эмоция, юмор жана конструктивдүү логика, илимий фундаменталдуулук аралаш коштоп алат. Агай ишти акылы менен гана эмес, жүрөгү менен аткарган адам. Бу кишинин нравасы ушундай.

Ошондой эле, Үсөн Асанович кызматтык иште айланасындагылардын күчүн оперативдүүлүк менен уюштуруп, коюлган милдеттин натыйжалуу жолдорун көсөмдүк менен аныктап, тез кыймылдап, жумушту майын чыгара чапчаң аткаргандыгы менен да айырмаланат. Кыргыз улуттук энциклопедиясында көп жылы бирге иштеген З.Бейшеев окумуштуунун мындай сапатын “мен Үсөн Асановичтин интеллектуалдык деңгээлинин жана уюштуруучулук жөндөмүнүн аябай жогору экендигине толук ынандым” — деп атайы баса белгилеп отурат. Ү.Асановдун мына ушундай касиеттери, коомдук-граждандык, патриоттук активдүүлүгү улуттук университеттин ректору, Жогорку Кеңештин (1989-1994) депутаты, Кыргыз Республикасынын улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы (1992-2006), Кыргыз улуттук энциклопедиясынын башкы редактору (2002-жылдан бери карай) болуп иштеген учурунда айкын көрүндү. Айрыкча, Ү.Асановдун эгемендүү Кыргызстандын Жогорку Аттестациялык комиссиясынын ишин түптөөдөгү, пайдубалын куруудагы, жолго салуудагы атуулдук ашып-ташкан активдүүлүгү, биринчи пионердик ишмердиги тарыхка алтын тамгалар менен жазылчу окуя.

ЖАКтын төрагасы, энциклопедиянын башкы редактору кызматтарын бирдей аркалаган жылдарда Ү.Асановдун жетекчилиги жана түздөн-түз катышуусу, уюштуруучулугу менен “Кто есть кто в кыргызской науке”, “Кыргызская наука в зеркале диссертационных исследований” аттуу уникалдуу басылмалар, эгемендүү Кыргызстандын 4 томдук чоң энциклопедиясы, Нарын энциклопедиясы “Кыргыз педагогикасы”, “Кыргыз адабияты”, “Кыргыз тарыхы”, “Укук”, “Экономика”, “Кыргызстан географиясы”, “Астрономия”, “Саясат таануу”, “Биология”, “Химия”, “Кыргыз тили”, “Философия”, “Физика”, “Кыргызстандын кен байлыгы”, “Кыргыз сүрөт искусствосу”, “Компьютер жана интернет”, “Кыргыз музыкасы” сыяктуу тармактык энциклопедиялар жазылып, жарыкка чыкты. Бул эмгектердин билим берүү системасы жана улуттук маданиятыбыз үчүн мааниси баа жеткис. Ү.Асановдун жетекчилиги жана авторлоштугу менен Сталиндик репрессияга жана куугунтукка дуушар болгон Сыдыков Осмонаалы, Солтоноев Белек, Арабаев Ишеналы, Сыдыков Абдыкерим, Тыныстанов Касым, Шабданов Ажыйман, Наматов Сатыбалды, Жолдошов Токчоро, Алиев Осмонкул сыяктуу алгачкы агартуучу-окумуштуулардын ишмердигинин “Кто есть кто в кыргызской науке” китебинен орун алышы социалдык адилеттүүлүктүн жана тарыхый эс-тутумдун калыбына келтирилишинин айкын күбөсү болуп калды.

Ушуга удаа белгилеп өтө турган нерсе, мындан 40 жыл мурда каза болуп, унутулуп кеткен, бирок өз учурунда жарк этип жанып, илимге жаңылык алып келген таланттуу кыргыз илимпозу Дүрбөлөң Мамбетовдун илимий дүйнөсүн ачып бериши (“Некролог, озвученный через 40 лет”) жана анын мурастарын жарыкка чыгарышы Ү.Асановдун өзүнчө бир атуулдук-гуманисттик маанилүү акциясы болду.

 

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ПАТРИОТУ

Чынын айтыш керек, биздин илимий-техникалык интеллигенциябыздын өкүлдөрүнүн көпчүлүгү академиялык илимдин чөйрөсүнөн, диссертациялардын алкагынан чыкпай келе жатышат. Алардын көбүндө элдин бөксө калган, өксүп жаткан иштери үчүн Асан Кайгы болуу сезими, Ата-Журттун улуу-кичүү жумуштарына канатын жайган атуулдук масштаб жетише бербей жаткандыгын жашыруунун кажети жок. Табият илимдеринин окумуштуулары ала-тоолук жаштарга, студенттерге, мектеп окуучуларына атайылап арнап, табигый илимдердин, техникалык билимдердин негиздерин кыргыз тилинде популяризациялаган китептерди, колдонмолорду, брошюраларды жазуу сыяктуу өтө зарыл, актуалдуу маселеге далысын салып тургандыгы өкүнүчтүү. Ушул жагынан караганда, академик Үсөн Асановдун мекенчилдик ишмердиги айрыкча айырмаланып турат.

Үсөн Асановдун окуучуларга, студенттерге, компьютер технологиясын колдонуучуларга арнап накта кыргыз тилинде жазган «Компьютердик технологиялар» (1999) деген китеби эң сонун жаңылык болду. Элибиз үчүн эң пайдалуу бул китепте татаал компьютердик технологиянын тарых-таржымалы, анын бүгүнкү күңдөгү негизги түшүнүктөрү, терминдери, маселелери кыргыз тилинде түшүнүктүү жана жеткиликтүү чечмеленип берилген. Айта кете турган нерсе, негизи Үсөн агай өзү алыскы тоолуу Нарында өсүп, Манастын тилин кенедейинен тулку-боюна сиңирген. Илимдин негиздерин мамлекеттик тилде көркүнө чыгара жазуу дал ушул Ү.Асановдой европалык билимди жана калк тилинин каймагын айкалыштыра билген интеллигенттин колунан көбүрөөк келмек дегибиз бар.

Үсөн Асановдун Кыргызстанда химия илимин кыргыз тилинде сүйлөтүүдө да эмгеги өтө зор. Анын редакторлугу алдында биринчи жолу өлкөбүздө «Химия энциклопедиясы» (1997) жарык көргөн. 1991-97-жылдарда С.А.Адылов менен бирдикте жогорку окуу жайлары үчүн «Органикалык химия» аттуу эки томдон турган окуу куралын кыргыз тилинде тартуулады. Ушуну менен катар өзүнүн шакирттери менен авторлош болуп, студенттер үчүн «Жалпы химия» деген фундаменталдуу окуу куралын да (1998) кыргыз тилинде жазып берип, чоң эрдик жасады. А.Сатыбалдиев, А.З.Жуманазарова менен бирдикте «Химиялык байланыш жана заттардын түзүлүшү» (1998) аттуу эне тилинде окуу китебин жазган да кайра эле ушул академик Ү.Асанов болуп отурат. Кыргыз тилиндеги «Аналитикалык химия» аттуу студенттер үчүн окуу колдонмосу да Үсөн Асановичтин редакциясы менен жарык көргөн (1997).

Кыскасы, эне тилге карата патриотизм деген эмне? Патриотизм деген кыргыз тили деп кызыл кекиртек болуп кыйкыруу эмес. Патриотизм деген өз иш ордунда туруп, эне тилибиз үчүн чекеден тер төгүп, конкреттүү жумуш жасоо, практикалык иш бүтүрүү, кыргыз тилин илим китептеринин тилине айландыруу, кыйкырып ураан көтөрбөстөн эле Үсөн Асановчосунан мамлекеттик тилдин “жабылуу кара ингени” боло билүү дегендикти түшүндүрөт. Химик Ү.Асанов – мамлекеттик тил мыйзамын жүзөгө ашыруунун кашкайган өрнөгү. Ошо кездеги мамлекетибиздин башчысы: “Атаганат, элдин баары академик Үсөн Асановичдей эне тилге кызмат кылса кана” — деп арман кылганы эсте турат.

 

ӨМҮР КЕЧИРҮҮНҮН АСАНОВДУК МОДЕЛИ

Үсөн Асанов сөз башында кеп болгондой, өмүрдүн маңызын “ачылыштарды жасоодон”, эл-журтунун бакыбат-жыргалчылыгына кызмат кылуудан көргөн. Ал узакка созулган өмүрүндө көздөгөн мүдөөсүн жүзөгө ашырып, жашоосун маңыздуу, мазмундуу кыла алды. Демек, Үсөн Асанов чексиз бактылуу адам. Ушундай бакытка жетишүү үчүн ал ак эмгекти өмүр бою дин катары тутунуп жашады. “Манаста” айтылгандай, Үсөн ага “түндөсүндө уйку албады, күндүзүндө тынч албады”. Муну жашоонун өзүнчө бир модели деп койсок болот. Жашоонун бул моделинин өзгөчөлүгү – анын илимчил, жамаатчыл, эл-журтчул, мекенчил духунда, алды жакта кеп болгон ата-бабаларыбыздын асыл нраваларынын нугунда экендигинде.

Академиктин бул өңдүү жашоо модели бүгүнкү капиталисттик рынок шартында коколой баштын кызыкчылыгын туу туткан, турмушка пайдакечтик, жалаң бухгалтердик, коммерциялык өзүмчүл мамиле баш көтөрүп турган кезде биз үчүн табылгыс үлгү, өрнөк.

Ак эмгекти өмүр бою дин катары тутунуп өмүр кечирүүнүн Асановдук бул жолу кесиптештери, Ата-журтубуз, дүйнө коомчулугу тарабынан жогору бааланды. Бүгүн Үсөн Асановичке профессор, “СССРдин ойлоп табуучусу”, “Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу” наамы ыйгарылган, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер. “Манас” ордени, “Даңк” медалынын, Женевадагы интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун алтын медалынын, СССРдин айыл-чарба жетишкендиктеринин бүткүл Союздук көргөзмөсүнүн (ВДНХ) алтын медалынын ээси, Нью-Йорк академиясынын академиги, Эл аралык инженердик академиянын, КРдин инженердик академиясынын академиги, Эл аралык “Руханият”, Арабаев атындагы, Ж.Баласагын атындагы, И.Ахунбаев атындагы сыйлыктардын лауреаты, Нарын областынын, Нарын шаарынын ардактуу атуулу, Нарын шаарындагы мектеп-лицей Үсөн Асановдун ысымын алып жүрөт. Кыргызстандагы белгилүү “Эл куту” скульптуралык-архитектуралык композициясынын тутумунан илимдин, маданияттын, искусствонун көрүнүктүү ишмерлери менен бирге Үсөн Асановдун да жезден куюлган эстелигинин орун алышы, дагы айталы – бул анын эл-журтка жасаган кызматынын калайык-калк тарабынын моюнга алынгандыгынын көрсөткүчү.

 

XX КЫЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗ РЕНЕССАНСЫНЫН КААРМАНЫ

Дегеле, Үсөн Асановдун феноменине кеңири тарыхый контексттен карап көрсөк, мына мобуну айтууга туура келет.

Батыштык бир көсөм окумуштуунун “Европа карыды, ал мүмкүнчүлүгүн ачып бүттү. Эми мындан ары адамзаттын илими менен маданияты Азия менен Латын америкасындагы жаңыдан тарыхый сахнага чыгып жаткан жаш калктардын потенциалынын эсебинен байымакчы”, — деп айтканы бар. Чындыгында Азия калктарында өнүгүүгө зор жөндөм-мүмкүнчүлүк бугуп жатат. Орто кылымдарда Орто Азияда бир учурда социалдык-экономикалык, тарыхый-саясий ыңгайлуу шарттар жана өбөлгөлөр түзүлө калды эле, түрк калктары дароо адамзатка Жусуп Баласагынды, Махмуд Кашгарини, Ибн Синаны, Аль Фарабини, Абу Райхан Берунини, Ахмед Яссавини берген. Биздин оюбузча, XX кылымдагы Совет бийлигинин доору кыргыз ренессансынын доору катары тарыхка кирер. Кечээги социализм заманы илимдин жана маданияттын өнүгүшүнө Ала-Тоодо ургалдуу шарттарды түздү эле, кыргыздардын кылымдардан бери уктап келген ички күч-кубаты сыртка оргуштап чыгып, тарыхый сахнага тил жагынан Касым Тыныстанов, адабияттан Чыңгыз Айтматов, медицинадан Иса Ахунбаев, поэзиядан Алыкул Осмонов, искусстводон Бүбүсара Бейшеналиева, Муратбек Рыскулов сыяктуу көптөгөн улуу залкарлар чыгып келди. ХХ кылымдагы кыргыз ренессансы ошондой эле дүйнөгө химия жагынан илимий ачылыш жасап, айланасын дүңгүрөткөн, ондогон оригиналдуу ойлоп табууларды жүзөгө ашырган Үсөн Асановду берди.

Кыргыз эли потенциалы күчтүү, тереңинде ачыла элек мүмкүнчүлүктөр бугуп жаткан пассионардуу калк. Символдуу айтсак, уктап жаткан Манас дагы ойгонууда. Мына, кыргыздын спортчулары да дүйнөлүк аренага чыга баштады. Бара-бара бардык тармактарда Манастын күч-кубаты чындап ойгонуп, адамзаттын илими менен маданиятын кыргыздар жаңы ачылыштар менен байытат деген ишенимдемин. Дүйнөнүн сахнасында жаңы Асановдордун пайда болорунда шек жок.

 

АЛА-ТООДО ПАЙДА БОЛГОН ЖАҢЫ ЧОКУ ЖЕ 85 ЖАШТАГЫ ЖООКЕР

Байдылда Сарногоевдин “Чоку болот тоолордун бийик жери, чокудай бол кыргыздын жигиттери” деген учкул насаат сөзү эске түшөт. Чоку демекчи…

Академик Үсөн Асановдун туулуп өскөн мекени Теңир-Тоо тарапты карап көрсөк, асман челген ак мөңгүлүү чокулар, көк тиреген тоолор көрүнөт. Бирок Теңир-Тоо тарапта жалаң эле геологиялык же физикалык тоолор эмес, өзгөчөлүү руханий тоолор да бар. Ал рухий тоолор алыстан заңкайып, башка аймактарга да көрүнүп турат. Бул рухий тоолор – улуу Тоголок Молдо дээр элек, дагы улуу патриот Тайлак баатыр, улуу обончу Боогачы, улуу бийчи Бүбүсара, улуу актёр Муратбек Рыскулов, улуу манасчы Сагымбай ж.б. Теңир-Тоонун көркүн чыгарып турган ушул рухий тоолор.

Ушул рухий тоолордун катарына дагы бир бийик чоку келип туруп калгандыгын айтпай коюуга акыбыз жок. Байдылда айткандай, ал бийик чоку – Үсөн Асанов деген жаңы чоку. Теңир-Тоодогу Үсөн Асанов чокусу алыстан дүйнөгө көрүнүп тургандыгы менен айырмалуу.

Илимдин патриархы 2019-жылда 85 жашка келди. Бирок ал бүгүн да Улуттук энциклопедиясында кызматын жигердүү улантууда. Анын карыганга убактысы жок. Ал Ата журтунун жоокери бойдон катарда кала берүүдө. Закон Бейшеев айткандай, Үсөн Асанович эл ишине түбөлүк мобилизацияланган. Мынакей, XXI кылымдагы граждандык этиканын үлгүсү, Манастын атуулдук, мекенчил адеп-ахлагынын уланышы.

 

Советбек Байгазиев,

филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

 

Бөлүшүү

Комментарийлер