АК-СУУНУН БАРДЫК МЕКТЕПТЕРИ ИНТЕРАКТИВДҮҮ ПАНЕЛДЕР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛАТ

  • 18.12.2025
  • 0

Ак-Суу районунун акими К.А. Калдаралиевдин демилгеси менен район аймагындагы бардык мектептердин бардык класстары интерактивдүү панелдер менен камсыздалууда.
Интерактивдүү панелдер 2026-жылдын январь айында толук бойдон бардык мектептерге орнотулат.
Бул ири билим берүү долбоору окуу процессинин сапатын жогорулатууну көздөйт жана заманбап окутуу технологияларын кеңири колдонууга өбөлгө түзүп, окуучулар үчүн сапаттуу билим алууга шарт жаратат.

АК-СУУНУН БАРДЫК МЕКТЕПТЕРИ ИНТЕРАКТИВДҮҮ ПАНЕЛДЕР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛАТ
Учурда мугалимдер интерактивдүү панелдерди жана санариптик платформаларды натыйжалуу пайдалануу боюнча атайын окуулардан өтүүдө. Райондук билим берүү бөлүмүнөн төрт усулчу жана мектептерден 100гө жакын мугалим практикалык жана теориялык даярдыктан өттү. Алар смарт-доскалардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу, санариптик билим берүү ресурстары менен иштөө жана алардын методикалык өзгөчөлүктөрүн үйрөнүштү.

Бөлүшүү

Комментарийлер