АК-САЙДАГЫ МЕКТЕПТЕ КОШ ЮБИЛЕЙ
- 06.02.2020
- 0
Быйыл Тоң районунун Ак-Сай айылындагы Ж.Турусбеков атындагы мектепте кош майрам. Белгилүү акын, драматург, өмүрүнүн гүлгүндөй 33 жаш курагында өрт кечип курман болгон Жусуп Турусбековдун 110 жылдыгы жана мектептин 100 жылдыгы белгиленүү алдында турат.
Тоң районундагы Ж.Турусбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору Жылкыбаев Максатбек Карыбаевич биз барганыбызда, үстүбүздөгү жылы белгилене турган Ж.Турусбековдун 110 жылдыгы, алгачкы мектептин салынганына 100 жыл, анан кийинки мектептин 40 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды уюштуруу иштери боюнча өтүнүч каттарга кол койдурганы чыккан жаткан экен. Юбилейди утурлай Ж.Турусбековдун неберелери атайын келишкенин угуп, сүйүнгөнүн жашырган жок.
— Бишкектеги студент кызыма чалып, Ж.Турусбековдун китепканасына барып, жаңы кандай материалдар бар экендигин биле кел деп тапшырма берип жаттым эле. Тилекке каршы, мектептеги Жусуп Турусбековдун музейиндеги эски сүрөттөрүнүн көбү жоголуп кетти. Илимдер академиясында балким ал кишинин кол жазмасы сакталып калгандыр деген үмүттө изилдейли дегенбиз,-деп, иштин чоо-жайы менен бизди тааныштыра кетти.
Улуу акындын ысмын алып жүргөн жалпы орто билим берүү мектеби мечиттин ордуна 1920-жылы ачылганын айткан Максат Карыбаевич, жүз жылдык тарыхы бар мектептин басып өткөн жолуна учкай токтолду.
Мектепке айланган мечит
— Ак-Сай мектеби мурда Жуманын сайындагы мечитте ачылган экен. Мектепке айландырылган бул мечитти Абдыраман уулу Осмон молдо революциядан мурда падыша Николайдын убагында салдырыптыр. Бул 1920-жылга туура келет. 1921-1922-жылдары Карал-Дөбөгө элдин күчү менен мектеп курулуп, Жуманын өйүзүндөгү мектеп ошол жакка көчүрүлөт. Коллективдештирүү жылдары Ак-Сайда да майда жеке чарбалар бириккен ири чарбаларга өтүшөт. Көл жээгинен тартып жогорку жагы капчыгайдын оозуна чейинки ар кайсы жердеги эл чогулуп, азыркы Ак-Сай айылы турган жерге отурукташат. Жер ортосу деп салынган Карал-Дөбө мектебине жолдун алыстыгынан, балдардын окууга барышы кыйындап, 1930-1936-жылдары башталгыч, жети жылдык жана орто мектептер уюштурула баштаганда, жаңы куралган Ак-Сай колхозуна дажети жылдык мектеп пайда болот. Бирок мектептин имараты жок болгондуктан, колхозчу Шамшы Калдаевдин тамы мектеп болуп, үй ээсине мамлекеттен акысы төлөнүп турган. Жаңы мектептин пайдубалы 1935-жылы жаз айларында курула баштап, Ак-Сай 7 жылдык мектеби бир жылда толук курулуп бүткөн.
1960-жылы акын жердешибиз Жусуп Турусбековдун 50 жылдыгы белгиленип, Ак-Сай мектебине анын ысмы ыйгарылган. 1966-жылы мектептин жаңы имараты аяктап, орто мектеп болуп ачылган. Ошол кездерде мектептин директору Иса Жолочиев, Ороз Жалгапов окуу-тарбия иштер боюнча орун басары, Акил Токтобаев, Жаанбай Шамшиев, Карыбай Жылкыбаев, Жалый Токочбаев, Мелис Урманбетов деген агартуучулар эмгектенишкен,-дейт Максат Карыбаевич.
Мугалимдердин курулуш отряды курган мектеп
Жусуп акындын ысмын алып жүргөн мектеп эскилиги жеткендигине байланыштуу 1981-жылдын апрель айында жаңы имараттын пайдубалы түптөлө баштайт. Белгилей кетүүчү жагдай, жергиликтүү жетекчилик бул мектептин курулушун жалпы элдик курулушка айландырышкан. Мындай демилге райондун мугалимдери тарабынан колдоого алынып, бардык мектептерден мугалимдердин атайын курулуш отряддары түзүлгөн. Натыйжада тогуз айда үч кабаттуу мектептин курулушу толугу менен аяктап, 1981-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилген. Мектептин курулушуна, анын мөөнөтүнөн мурда пайдаланууга берилишине ошол кезде СССР Жогорку Советинин депутаты, Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры, баш чабан Таштанбек Акматовдун жана колхоздун башкармасы Жумаш Эшперовдун кошкон салымдары абдан чоң болгон.
— Мугалимдерден куралган курулуш отряды курган мектеп имараты биз үчүн өзгөчө баалуу. Андан бери мугалимдердин катары да толукталып, алардын күчү деми менен алдыга коюлган орчундуу милдеттер ишке ашырылып, мектептин иши алга жылып келди. Менин ата-энем экөө тең кыргыз тилчилер эле. Атам Карыбай Жылкыбаев 45 жыл мугалим, мектеп директору, райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор, Төрт-Күл айылындагы жатак-мектепте окуу бөлүмүн башчысы болуп иштеген. Апам Чокморова Бурул да өмүр бою мугалим болуп иштеп өттү. Алтообузду тең жогорку билимге окутушту. Мен учурда атам иштеп кеткен мектепте иштеп, аны жетектеп келатканыма чексиз сыймыктанам. Балдарынын эң кичүүсү катары ата-энемдин калем сабын алып калдым десем да болот,-дейт Максатбек Жылкыбаев.
Эл аралык уюмдардын эбегейсиз жардамы
Максатбек Жылкыбаев жетектеген мектепте учурда 490 окуучу билим алат. Аларга билим-тарбия берген 28 мугалимдин төртөө – “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси. Жетекчи катары мектептеги окутуу-тарбиялоо процессин илгерилетүү, материалдык-техникалык базаны чыңдоо багытында изденүү менен иш алып барууда. Бул багытта мектеп Мерси Ко, Гуд Нейборс сыяктуу эл аралык уюмдар менен натыйжалуу иштеп жатат. Атап айтканда, Мерси Ко уюму мектептин ашканасын 380 миң сомго ремонттон өткөрүп, 500 миң сомдук жабдуулар менен жабдып берди. Андан тышкары, эски каалгаларын жаңыртышты. Кореялык Гуд Нейборс уюму мектептин жыйын залына 225 миң сомго жүз орундук, килем, көшөгөлөрдү жана компьютердик класска жалпы суммасы 800 миң сомдук 25 компьютер алып берди.
Эл аралык уюмдар менен алака түзүүгө жетишкени жетекчиликтин иш билгилиги катары бааланса, экинчи жагынан ушундай жардамдардын аркасында мектептин иши алдыга жылып жатканы талашсыз. Алдыда аткарыла турган максаттар да эл аралык уюмдардын жардамы менен аткарылмакчы. 2019-2020-окуу жылынын башталышына карата дагы эле үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен үч кабаттын залдары, фойе, жыйын залы, спорт зал жана ашкананын жылытуу системалары реконструкцияланып, мектеп короосуна таманташ төшөлдү. Андан тышкары мектептин алдындагы эски тосмолор толугу менен жаңыртылып, мектеп кош майрамын жаңырган жүз менен тосуп алмакчы.
Өлкөнү санариптештирүү жылында мектеп Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгесин колдоого алуу менен, “Электрондук журнал” долбооруна кошулган. Мугалимдер жана окуучулар учурда интернет байланышты окууда, күнүмдүк иштеринде активдүү пайдаланышууда.
Мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча “Ысык-Көл облусунун билим берүүнү жакшыртуу” долбооруна эки жылдан бери активдүү катышып, дурус көрсөткүчтөргө жетишип жатышат. Мектеп жетишкен ийгиликтерге албетте, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардан тышкары, аймактык бийлик органдарынын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн жана эмгек жамаатынын да кошкон салымдары зор. Эмгек жамааты демекчи, бирдиктүү, ынтымактуулук менен уюшкандыкта иш алып барган жамааттын ийгилиги артат эмеспи, мектеп директорунун окуу иштери боюнча орун басары Т.Орозакунованын, уюштуруучу В.Орозбакованын директордун демине дем кошуп, ишин алдыга сүрөгөн эмгегин белгилебей коюуга болбойт. Эмгек жамаатынан З.Ибраимова, А.Шерипова, А.Алсейитова, Э.Качаганова, А.Түмөнбаева, В.Усубалиева, А.Дылдаева, Б.Исакова, А.Мусаева ж.б. ысымдарын урмат-сый менен белгилешет.
Алдыда аткарыла турган иштер арбын
Атактуу акын Жусуп Турусбековдун 110 жылдыгын татыктуу өткөрүү камын көрө баштаган анын неберелери Асель жана Гюзель Данияровалар адегенде мектептеги музейди реконструкциялоо керектигин белгилешти. Асель Санжарбековна таятасынын сүрөттөрүн анын калемдештеринин жана замандаш досторунун балдарынан карап көрүп, бирге түшкөн сүрөттөрүнүн көчүрмөсүн жаңыртылган музейге алып келерин айтты. Бул жолку барышында ал Санжарбек Данияровдун коомдук фонду басып чыгарган Жусуптун тандалган чыгармаларын жана С.Данияровдун котормосундагы балдарга арналган “Сенин өзүң жөнүндө” деп аталган анатомия жана физиология энциклопедиясын мектептин китепканасына тартуулады.
Тоң райондук мамлекеттик администрация башчысынын социалдык иштер боюнча орун басары Шаршенбек кызы Гүлбүбүнүн айтымында, быйыл Тоң районунда Ж.Турусбековдун 110 жылдыгынан башка, Тенти Адышеванын 100 жылдыгы жана Төлөмүш Океевдин 85 жылдыгы салтанаттуу белгиленмекчи. Ушул даталуу күндөрдө мерчемделген иш-чараларга Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгы да кирет.
Гүлбүбү Шаршенбек кызы быйыл белгилене турган юбилейлик иш-чаралар боюнча акимчилик атайын токтом кабыл алганын, мектептерде сабактан тышкаркы адабий кечелер, кереге кеңештер, ачык сабактар өтүлөрүн белгиледи.
— “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деп Жусуп атабыздын замандашы Аалы акын айтмакчы, болочок муун үчүн акындын атын унутулгус кылып калтыруу, жаштарга патриоттук духта таалим-тарбия берүү максатында баарыбыз жапа тырмак биргелешип аракеттенишибиз керек деп ойлойм. Алдыда мектеп администрациясы, айыл өкмөтү, акимчилик жана жалпы эле коомчулук менен бирдикте иш-пландарды иштеп чыгуу маселеси турат,-дейт Гүлбүбү Шаршенбековна.
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер