АК-ОРДОДО МЕКТЕП, БАЛА БАКЧА КУРУЛАТ

  • 17.07.2024
  • 0

Бишкек шаарында Новопавловка Ак-Ордо 3 конушунун жашоочулары менен борбор калаанын мэри жолугукту.

АК-ОРДОДО МЕКТЕП, БАЛА БАКЧА КУРУЛАТ

Муниципалитеттен билдиришкендей, ал жерде 18 гектар аянтка социалдык объектилердин курулушу пландалууда.

Жыйынга борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, шаардык кызматтардын жетекчилери жана райондун активи катышты.

Ал жерде Мамкурулуш 0,98 гектар аянтты ээлеген балдар бакчасын (280 орундуу эки корпус) жана 100 орундуу оорукананы 1 гектар аянтка куруу боюнча иштерди баштады.

Жакынкы күндөрү Россия тарабынан каржыланган 1500 орундуу мектепти, аянты 4 гектарды, ошондой эле 1224 орундуу дагы бир мектепти куруу пландалууда.

Бул жерде парк жана башка инфраструктуралык объектилер да курулат.

Шаар мэри курулуш иштерин тез арада бүтүрүү чаралары көрүлөрүн баса белгиледи.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер