Ак калпак – улуттун улуу мурасы
- 05.03.2026
- 0
4-март күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи имаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын алкагында “Ак калпак жана улуттук кийим – улуттун улуу мурасы” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чарага Арслан Койчиев, окумуштуулар, маданият ишмерлери, этнодизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана студенттер катышып, кыргыз элинин улуттук кийимдеринин тарыхый мааниси жана бүгүнкү коомдогу орду тууралуу пикир алышты.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик катчы Арслан Койчиев ак калпак кыргыз элинин улуттук аң-сезимин, тарыхын жана маданиятын чагылдырган өзгөчө символ экенин белгиледи. Анын айтымында, калпак жөн гана баш кийим эмес, улуттун сыймыгын жана руханий мурасын билдирген баалуу белги болуп саналат. Ошондой эле ал улуттук кийимдерди бурмалоодон сактап, алардын салттуу үлгүлөрүн урматтоо зарылдыгына токтолду.
Мындан тышкары, мамлекеттин өнүгүшү менен катар улуттук кайра жаралуу доорун калыптандыруу, жаңы демилгелерди колдоо жана маданий мурастарды кийинки муундарга жеткирүү маанилүү экени белгиленди.

Иш-чара соңунда катышуучулар кыргыз элинин улуттук кийимдерин сактоо, жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча биргелешип аракеттенүү зарылдыгын баса белгилешти.
Комментарийлер