АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ҮЧ СТАРТАБЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСТА ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ

  • 02.03.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №128 токтомунун негизинде уюштурулган “Студенттик стартап” республикалык конкурсу ийгиликтүү жыйынтыкталды. Конкурс жаштардын ишкердик демилгелерин колдоого алуу, жогорку окуу жайларда инновациялык бизнес-идеяларды ишке ашыруу жана аларды андан ары өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Инновациялык борбор мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулду.

Жыйынтыгында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин үч стартап долбоору жеңүүчү деп табылып, каржылык колдоого ээ болду.

🔹 «Картошканын ар түрдүү вируссуз, жогорку түшүмдүү сортторунун уруктарын жана көчөттөрүн иштеп чыгуу жана өндүрүү» долбоору

Авторлор: Бейшембекова Саадат (магистрант), Асанбекова Канышай, Дүйшөнбаева Жазгүл (Технология жана биоресурстар факультети, 3-курс).

Илимий жетекчиси – биология илимдеринин кандидаты Нурманов Чынгыз.

Долбоор 1 000 000 сом грант утуп алды.

🔹 “AgroScan KG” долбоору

Автору: Самаганов Белек (Агрономия жана токой чарба факультети, 3-курс).

Илимий жетекчиси – улуу окутуучу Сапарбек кызы Уултай.

Долбоорго 1 640 000 сом каражат бөлүндү.

🔹 “Breeding App” долбоору

Автору: Турдубаев Арсен (Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институту, 4-курс).

Илимий жетекчиси – экономика илимдеринин доктору Умарова Мария.

Долбоор 1 019 667 сом грант жеңип алды.

Белгилей кетсек, аталган конкурс студенттердин инновациялык демилгелерин колдоого, илимий изилдөөлөрдү коммерциялаштырууга жана жаш ишкерлерди даярдоого багытталган. Агрардык университеттин студенттеринин ийгилиги өлкөдөгү жогорку билим берүү системасында илим менен өндүрүштү айкалыштыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөтүп турат.

Бөлүшүү

Комментарийлер