Заманбап жаңылануу жолундагы билим берүү: Агартуу министрлигинин жыйынтык коллегиясы
- 10.02.2026
- 0
Бишкекте Агартуу министрлигинин коллегиясы 2025-жылдагы иштердин жыйынтыгын чыгарган жыйынын өткөрдү. Жыйында улуттук билим берүү тармагы заманбап жаңылануу жолуна түшүп, 12 жылдык мектеп моделине өтүп жаткан шарттагы өзгөрүүлөр, көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө ачык-айрым пикир алышуу болду.
КР агартуу министри Догдургүл Кендирбаева мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн бүгүнкү абалына кенен токтолуп, алдыдагы аткарыла турган маанилүү иштерди айтып өттү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билим берүүдө оор жана жоопкерчиликтүү ишти аткарып жаткан мугалимдерге ыраазылык билдирди.
Бүт дүйнөдө өзгөрүүлөр жогорку темпте жүрүп жатканда, Кыргызстан советтик доордон бери келаткан эскирген билим берүү системасын заманбап жаңылоонун маанилүү этабына киришти.
Агартуу министрлиги 2025-жылы «Алтын Казык» трансформация программасынын алкагында мектептик билим берүүнү 12 жылдык улуттук моделге көчүрүүнү баштады. Бул модель жаңы муунга дүйнөлүк деңгээлдеги билимди жана көндүмдөрдү камсыз кылып, алардын талантын жана потенциалын толук ачууга мүмкүндүк берет.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча мектепке чейинки курактагы балдардын 51% билим берүү программасы менен камсыз болду.
ектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, 1-12-класстар үчүн предметтик стандарттар жана программалар жаңыланды.
Жаңы предметтик стандарттар боюнча иштеген мугалимдерге үзгүлтүксүз методикалык колдоо көрсөтүлүүдө.
Агартуу министрлиги тарабынан жаңы 2025-2026-окуу жылына- 12 жылдык мектепке көчүүнүн биринчи жылына педагогикалык кызматкерлерди даярдоо боюнча масштабдуу иш жүргүзүлдү.
Жай мезгилинде мектеп директорунун окуу иштери боюнча орун басарлары, ошондой эле райондук, шаардык жана областтык методкабинеттердин методисттери окуудан өттү.
1,2,5, жана 7-класстарда математика жана табият таануу боюнча жаңыртылган стандарттар боюнча окута турган жана 3-9-класстардын англис тил мугалимдери, жалпысынан 30 миң мугалим даярдыктан өттү.

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институту кесиптик үзгүлтүксүз өнүгүүнүн камсыз кылуу үчүн 100 дөн 300 саатка чейин созулган заманбап онлайн жана офлайн курстарды иштеп чыкты.
Республика боюнча курстан окуган мугалимдердин саны жыл сайын тездик менен өсүүдө:
2025-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу окуу китептерин чыгарууга бюджеттен чоң суммада каражат бөлүнүп, бир жылда басылып чыккан окуу китептеринин саны – 4 млн 84 870 нускага жетти.
1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн орус тили боюнча окуу-методикалык комплекстер адаптацияланып, стандарттык экспертизадан өткөрүлдү.
651 000 нуска окуу китеби Россия Федерациясынан орус тили боюнча мамлекеттик кызматташтыктын алкагында алынып келинди.
Жаңыланган программалар жана стандарттар боюнча 1-2 жана 5-7-класстар үчүн окуу китептеринин толук топтому чыгарылууда. 3-9-класстар үчүн англис тили, математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептери басылып чыгып, мектептерге жеткирилүүдө.
Электрондук окуу китептерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында расмий сайт ишке кирди, учурда анда кыргыз жана орус тилдериндеги окуу китептери жүктөлүп, баарына жеткиликтүү болуп саналат.

«Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун жыйынтыгы менен баш байгени алган мугалимге бир бөлмөлүү батир тапшырылды. Ошондой эле предметтик номинациялар боюнча 1-орунду ээлеген 10 мугалимге Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан ар бирине 500 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык берилди.
2026-2027-окуу жылына карата пландар:
Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 55-60% чейин кеңейтүү.
Мектептик билим берүү системасын 12 жылдык окутуунун форматына этап-этабы менен трансформациялоо.
Мектептерди заманбап окуу китептери менен камсыздоо, квалификациялуу кадрларды тартуу, мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоо, санариптик платформаларды өнүктүрүү.
Республикалык жана аймактык деңгээлде педагогдорго методикалык колдоо көрсөтүү системасын трансформациялоо.
Жумушчу кесиптерди алуунун инновациялык ыкмаларын, маалыматтык системасын, ошондой эле кесиптик лицейлердин базасында дуалдык окутууну өнүктүрүү.
«Кесиптик лицей — Колледж — ЖОЖ» вертикалдык жана горизонталдык байланыштарды өнүктүрүү сыяктуу орчундуу милдеттер турат.
Комментарийлер