АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН АБАЛЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
- 26.01.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде мамлекеттик тилдин колдонулушу жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын билим берүү тармагында аткарылышы боюнча жыйын өттү.
Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ошондой эле министрликтин кызматкерлери жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Министр Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө тил башаты бала бакчадан башталарын белгилеп, баланы багуу жана өнүктүрүү деген эки терең түшүнүк киргизилип жатканын, бул багытта ата-энелер мектебин өнүктүрүүгө басым жасоо зарылдыгын, учурда бакчалардын басымдуу көпчүлүгү мамлекеттик тилге өткөндүгүн айтып өттү.
Жыйында министрликтин адистери бала бакча жана мектептерде мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылышы, иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тилдин колдонулушу, кызматкерлердин тилдик компетенциясын жогорулатуу, билим берүү уюмдарындагы окутуу жана тарбиялоо, окуу китептерине байланыштуу маселелер, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана ведомстволор аралык кызматташтык маселелерин ортого салышты.
Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев кыргыз тилин жумушчу тилге айландыруу зарылдыгын айтып, терминология, кесиптик тармактарга жараша терминдерди түзүү жана ошондой эле тест тапшыруу боюнча маселелерди көтөрүп, Агартуу министрлиги менен биргеликте алдыда аткарыла турган иштер көп экендигин белгиледи.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер