АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ JICA МЕНЕН КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮДӨ
- 30.01.2026
- 0
29-январында Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Япония мамлекетинин JICA (Japan International Cooperation Agency) агенттигинин делегациясы №98 Байланыш жана маалымат технологиялар кесиптик лицейине расмий иш сапары менен келди.

Делегациянын курамында JICA агенттигинин вице-президенти Йошикава Йошифуми, Чыгыш жана Борбордук Азия жана Кавказ департаментинин башкы директорунун орун басары Масаёши Такехара, Чыгыш жана Борбордук Азия департаментинин Борбордук Азия жана Кавказ бөлүмүнүн өлкөлүк кызматкери Сакура Икеда, Кыргыз Республикасындагы Япониянын Элчилигинин туруктуу өкүлү Нишигата Котаро жана Кыргыз Республикасындагы JICA өкүлчүлүгүнүн өкүлү Алелекова Светлана бар.
Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов жана №98 кесиптик лицейинин директору Чинара Сагынбекова япониялык делегация менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун негизги максаты кесиптик билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана мындан аркы биргелешкен иш-чаралардын артыкчылыктуу багыттарын талкуулоо болду.

Ошондой эле делегация лицейде JICA программасынын алкагында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан ыктыярчылардын сабактарына катышып, окуу процессинин жүрүшү менен жакындан таанышты.

Жыйынтыгында жапон тарап кесиптик билим берүү жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да улантууга жана кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.
Комментарийлер