АГАРТУУ МИНИСТРИНИН БАТКЕН ОБЛУСУНА ИШ САПАРЫ
- 05.03.2026
- 0
Догдуркүл Кендирбаева жетектеген Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин делегациясы 2026-жылдын 3–4-март күндөрү Баткен облусуна иш сапары менен барды. Делегациянын курамында санариптик өнүктүрүү боюнча министрдин орун басары Лира Самыкбаева, Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов жана «Окуу китеби» басма үйүнүн директорунун орун басары Аида Ишеналиева болду.

Иш сапардын алкагында министрлик өкүлдөрү Раззаков шаарында, Баткен шаарында жана Кадамжай районунда билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушууларда билим берүү процессинде санариптик платформаларды колдонуу, окуу китептеринин жеткиликтүүлүгү, мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана жаңыланган предметтик стандарттарды ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Мындан сырткары, министрликтин жетекчилиги №48 кесиптик лицейдин, №57 кесиптик лицейдин жана Баткен облустук жалпы билим берүү жатак-мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышып, эмгек жамааттары менен ачык форматта пикир алышты.
Ошондой эле делегация Лейлек районунда жаңы курулуп бүткөн «Ак шоола» мектепке чейинки билим берүү уюмуна барып, анын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды беришти. Иш сапарынын жүрүшүндө жарандарды кабыл алуу да уюштурулуп, көтөрүлгөн айрым маселелер жеринде чечилди.






Комментарийлер