АГАРТУУ МИНИСТРИ «ТУНГУЧ» ОНЛАЙН-МЕКТЕБИНИН ӨНҮГҮҮСҮН ТАЛКУУЛАДЫ

  • 20.01.2026
  • 0

2026-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева орун басарлары жана «Тунгуч» онлайн-мектебинин директору Айсулуу Жамангулова менен кеңешме өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө онлайн-мектептин учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүгүү багыттары боюнча маселелер талкууланды.

АГАРТУУ МИНИСТРИ «ТУНГУЧ» ОНЛАЙН-МЕКТЕБИНИН ӨНҮГҮҮСҮН ТАЛКУУЛАДЫ

Мектеп директорунун айтымында, бүгүнкү күндө иш алып баруунун логикасы кайра каралып, предметтер боюнча маршруттук барактар жаңыланды, онлайн сабактарды жаздыруу үчүн жабдуулар орнотулууда.

Министр онлайн-мектептин негизги максаты ден соолугуна же башка себептерге байланыштуу кадимки мектепке бара албай калган окуучуларды сапаттуу билим менен камсыз кылуу экенин белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында министр онлайн-мектептин ишин мындан ары өркүндөтүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды жана сунуштарды берди.

Бөлүшүү

Комментарийлер