АГАРТУУ МИНИСТРИ ОШ ШААРЫНДАГЫ «АЛТЫН ТҮЙҮН» АКАДЕМИЯСЫНЫН ФИЛИАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
- 20.01.2026
- 0
2026-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев иш сапары менен Ош облусуна барышты.
Иш сапардын алкагында министрлик жетекчилиги «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Ош шаарындагы филиалында болуп, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окуу процессинин уюштурулушу, ийримдерде колдонулган заманбап окутуу ыкмалары жана окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.

Министр академиянын балдардын техникалык, инженердик жана санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, мындай борборлор жаш муунду келечектеги кесиптерге багыттоодо өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Ош шаарындагы филиалы 2022-жылдын июнь айында ачылган. Учурда бул филиалда «Робототехника», «IT Start», «Роботрек», «Робоскай», «Инфобилим», «Баштапкы техникалык моделдештирүү» жана «Техникалык моделдештирүүнүн негиздери» багыттары боюнча ийримдер ийгиликтүү иш алып барууда.
Аталган ийримдерге Ош шаарынан жана ага жакын жайгашкан айылдардан 300дөн ашуун окуучу тартылып, алар заманбап технологияларды өздөштүрүү менен бирге логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачыл жана инженердик жөндөмдөрүн өнүктүрүп келишүүдө.
Комментарийлер